
Кепилдик жана алмаштыруу
Сиз кайда болсоңуз дагы колдоо көрсөтүлөт.

Кепилдик жана алмаштыруу
Сиз кайда болсоңуз дагы колдоо көрсөтүлөт.
IQOS түзмөгүңүздүн кепилдик мөөнөтү 1 жыл.
Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгарылган IQOS түзмөктөрүнүн кепилдик мөөнөтү сатып алынган күндөн тартып 1 жылды түзөт.

Кепилдик эмнелерге берилет?
“Кардарларды тейлөө” бөлүмүндө көрсөтүлгөн уюм (түзмөгүңүзгө тиркелген кепилдик талонунда) өз каалоосу боюнча (бирок Сиздин мыйзамдуу укуктарыңызга зыян келтирбестен) IQOS түзмөгүңүздүн кепилдиги бар материалы же жасалуу жагынан кемчиликтери бар компоненттерин алмаштырат, эгерде алар тиркелген IQOS Пайдалануучу колдонмосуна ылайык колдонулса. Бул кепилдиктин жоболору сатып алуучунун өлкөсүндө гана жарактуу.
Кепилдикке эмнелер кирбейт?
Кепилдик төмөнкү учурларда колдонулбайт:
- сырткы көрүнүштөгү кемчиликтер (мисалы, чийик, кабырылган жер, пластиктеги жаракалар ж.б.);
- туура эмес пайдалануудан, шыкалуунун чукул өзгөрүлүшүнөн, суюктукка же отко тийүүдөн келип чыккан зыян;
- шайкеш келбеген буюмдар менен аппаратты колдонуудан келип чыккан бузулуулар;
- колдонуучу же өндүрүүчү тарабынан уруксаты жок адамдын аппаратты ачууга, өзгөртүүгө же оңдоого аракетинен келип чыккан бузулуулар же бузуктар;
- тиешелүү IQOS Пайдалануучу колдонмосунда көрсөтүлгөн колдонуу нускамаларын аткарбоодон келип чыккан бузулуулар же бузуктар;
- аккумулятордун бузулушу материалдагы же жасалгадагы кемчиликтерден келип чыкпаса, колдонуу учурунда аккумулятордун табигый эскириши.
*Аккумулятордун мүнөздөмөлөрү жана продуктуңузга жеткиликтүү опциялар жөнүндө кошумча маалыматты iqos.com/kg сайтынан караңыз.

IQOS түзмөгүн алмаштырууга өтүнмөнү кантип берсе болот?
Атүгүл эң жакшы сапаттагы өнүмдөр да кээде иштебей калышы мүмкүн, ошондуктан IQOS түзмөгүңүздү колдоно албай калганыңызда анын канчалык капаланарын билебиз.
Сиз өтүнмөнү бергиңиз келеби? Бул оңой жана тез! Дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин саат 10:00дөн 22:00гө чейин биздин Кардарларды тейлөө кызматына кайрылыңыз. Биз Сизге түзмөгүңүздөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам беребиз.
*Сураныч, сатып алууну далилдеген документти даярдаңыз. Сатып алуунун далили жок болгон учурда, компания IQOS түзүлүшүнүн тиешелүү тетиктери жасалган күндөн тартып өзүнүн жазууларынын негизинде кепилдик мөөнөтүн өз алдынча аныктоо укугун өзүнө калтырат.

IQOS түзмөгүңүздү каттаңыз жана төмөнкү артыкчылыктарды алыңыз:
IQOS түзмөгүңүздү iqos.com/kg сайтында каттатып, төмөнкү артыкчылыктардан пайдаланыңыз:
- IQOS түзмөгүңүздү алмаштыруунун жөнөкөй процесси;
- IQOSту эл аралык колдоо жана IQOS түзмөгүн алмаштыруу кызматтары;
- түзмөктү профессионалдуу тазалоо кызматына жана прошивкалоону жаңыртууга тез жетүү.

IQOS жөнүндө дагы суроолоруңуз барбы?
Биздин “Көп берилүүчү суроолор” бөлүмүндө жоопторду табыңыз.
Жардам керекпи? Биз менен байланышыңыз.
Сиз биз менен бир нече жолдор менен байланышсаңыз болот.
Бизге телефон аркылуу чалыныз
Биздин тынымсыз байланышыбыз сизди кардарларды колдоо кызматынын адиси менен түздөн-түз байланыштырат. Биз күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин байланыштабыз.
Бизге электрондук кат жөнөтүңүз
Бизге жазыңыз. Сиздин сурооңуз көңүл сыртында калбайт. Биз сизге 24 сааттын ичинде жооп беребиз.