Көп берилүүчү суроолор
Издөө натыйжасы жок
Дал келгендер жок. Сураныч, кайра аракет кылып көрүңүз
Көп берилүүчү суроолорду издөө натыйжалары
Көп берилүүчү суроолор
Күйүүнүн ордуна ысытуу
SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясы IQOS ILUMA™ түзмөктөрүндө дат баспас болоттон жасалган жука пластинканы колдонот жана тамекини ичинен бир калыпта ысытат. Мындай ысытуу ыкмасы күйгүзбөстөн чыныгы тамекинин даамын ачып берет жана түзмөктү тазалоону талап кылбайт. Ошондой эле, бул жерде эч кандай миз жок, демек, анын сынып калуу коркунучу жок.
*Стиктер - ысытылуучу тамеки таякчалары.
Сигареттерде тамеки күйөт. Күйгөн учурда көп зыяндуу заттарды камтыган күл, түтүн жана чайыр пайда болот.
IQOS ILUMA™, IQOS ORIGINALS™ жана lil™ сыяктуу тамекини ысытуу системалары— тамекини күйгүзбөй, жөн гана ысытат. Бул ыкма зыяндуу химиялык заттарды орточо эсеп менен кадимки сигареттерге салыштырмалуу 95% га чейин азайтат*.
Маанилүү маалымат: бул сөзсүз түрдө тобокелдик 95%га азаят дегенди билдирбейт. IQOS зыянсыз деп саналбайт . Продуктта көз карандылыкты пайда кылган никотин бар.
"*95% аз" - стандарттык сигареттердин түтүнүнө (3R4F) салыштырмалуу зыяндуу заттардын (никотинди кошпогондо) спектринин деңгээлинин орточо кыскарышы. Кененирээк маалыматты «Маанилүү маалымат» бөлүмүнөн караңыз.
IQOS ILUMA™ түзмөгүндөгү SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясы күйгүзбөстөн түтүнсүз, күлсүз жана күйгүзүүсүз чыныгы тамекинин даамын ачып берет.
Бул технология кармагычтын ичинде мизди колдонбойт, демек, тазалоо муктаждыгы болбойт.
Жок. IQOS ILUMA™ түзмөктөрүндө чыныгы тамеки колдонулат, ал SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ индукциялык технологиясы аркылуу күйбөстөн, күл жана түтүн чыгарбастан ысытылат.
Ысытуучу элемент эми IQOS ILUMA™ үчүн гана колдонулуучу TEREA стиктеринин ичинде жайгашкан. SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ индукциялык технологиясы TEREA стигиндеги тамекини ичинен ысытат, бул чыныгы тамекинин даамын камсыз кылып, сигареттерге салыштырмалуу зыяндуу заттардын көлөмүн 95% чейин азайтат*.
Маанилүү маалымат: бул сөзсүз түрдө тобокелдик 95%га азаят дегенди билдирбейт. IQOS зыянсыз деп саналбайт . Продуктта көз карандылыкты пайда кылган никотин бар.
"*95% аз" - стандарттык сигареттердин түтүнүнө (3R4F) салыштырмалуу зыяндуу заттардын (никотинди кошпогондо) спектринин деңгээлинин орточо кыскарышы. Кененирээк маалыматты «Маанилүү маалымат» бөлүмүнөн караңыз.
TEREA стигинин ичинде дат баспаган болоттон жасалган металл ысытуучу элементи бар — ал тамекини индукциялык ыкма менен ысытуу үчүн керек. Стикилерди башка түзмөктөргө салбаңыз – бул түзмөктүн бузулуусуна себеп болуусу мүмкүн. Стиктерди балдардын колу жетпеген жерде сактаңыз. Кененирээк маалыматты «Маанилүү маалымат» бөлүмүнөн караңыз.
IQOS ILUMA™ түзмөгү 0 °Cдан 40 °Cга чейинки температуралык диапазондо иштейт.
IQOS ILUMA ONE™ түзмөгү толук кубатталганда 20 сеанс үчүн эсептелген.
Жок. Стиктин ичиндеги металл элементи табакты жылытуу үчүн гана жооп берет жана даамына же аэрозолдун курамына таасир этпейт.
Маанилүү: стиктерди ачпаңыз жана жутпаңыз — ичинде курч элемент бар, ал туура эмес колдонулса коркунучтуу болушу мүмкүн. Стиктерди балдар жана үй жаныбарлары жетпеген жерде сактаңыз.
Индукциялык ысытуу технологиясы менен (SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™):
- IQOS ILUMA PRIME™
- IQOS ILUMA™
- IQOS ILUMA ONE™
IQOS ILUMA TEREA ысытылуучу тамеки стиктери менен гана колдонулат. IQOS ILUMAны жана TEREA ысытылуучу тамеки стиктерин IQOSтун мурунку муундары менен колдонбоңуз, анткени бул түзмөгүңүзгө зыян келтириши мүмкүн.
Мизи менен (HEATCONTROL™):
- IQOS ORIGINALS DUO
- IQOS 3 DUO™
- IQOS 2.4 PLUS™
- IQOS 3 MULTI™
Башка түзмөктөр (Holistic Heating Pin™):
- lil SOLID Ez
- lil SOLID 2.0
Ысытылуучу тамеки стиктери
TEREA стиктери — бул технология менен иштелип чыккан конструкцияга ээ болгон тамеки продукциялары:
- Коргоо бөлүмү. Тамеки бөлүгүн жабат, анда түзмөк таза бойдон калат.
- Тамеки секциясы Атайын технология менен майдаланып, пресстелген тамеки.
- Жылытуучу элемент. Жука пластина тамекини тегиз ысытат.
- Коргоочу чел. Ашыкча нымды сиңирип, тактардын пайда болуусун алдын алат.
- Көңдөй чыпка. Оңой соруу үчүн керектүү өлчөмдөгү аэрозолду жеткирет.
- Муздатуучу бөлүмү Атайын була тарканда ыңгайлуу температураны камсыз кылат.
TEREA жана HEETS курамы жана технологиясы боюнча айырмаланат:
- HEETS – HeatControl™ технологиясы бар түзмөктөр үчүн (мисалы, IQOS ORIGINALS DUO, IQOS 3 DUO\3, IQOS MULTI, IQOS 2.4 Plus);
- TEREA – SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ ысытуу технологиясы бар түзмөктөр үчүн (IQOS ILUMA PRIME, IQOS ILUMA, IQOS ILUMA ONE).
Тамекинин салмагы бир аз айырмаланат: мисалы, TEREA AMBER – бир кутуда 6,1 г, HEETS AMBER – 5,3 г.
Маанилүү: TEREA стиктери IQOS ILUMA менен гана колдонууга арналган. TEREA тамеки стиктеринде металл пластинасы бар. Стикти ажыратып албаш үчүн жана кокустан жутуп албаш үчүн балдардардын колу жетпеген жерде сактоо керек.
Маанилүү маалыматты караңыз.
IQOS ILUMA инновациялык SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ ысытуу технологиясында иштейт. Эми ысытуу элементи так стикке орнотулган:
- Ал түзмөккө тийбестен тамекини ичинен ысытат;
- Кармагычты тазалоонун кереги жок.
- Мизи жок болгондуктан, анын бузулуп калуу коркунучу да жок.
Маанилүү:
- Стиктерди жутпаңыз жана ажыратпаңыз;
- Ичинде курч элементтер бар, аларды жутуп алганда ден-соолукка кооптуу;
- Стиктерди балдардан жана жаныбарлардан алыс кармаңыз.
Кененирээк маалымат «Маанилүү маалымат» бөлүмүндө.
TEREA стиктери IQOS ILUMA PRIME, IQOS ILUMA, IQOS ILUMA ONE моделдерине шайкеш.
Маанилүү: TEREA стиктери IQOS ILUMA менен гана колдонууга арналган. TEREA тамеки стиктеринде металл пластинасы бар. Стикти ажыратып албаш үчүн жана кокустан жутуп албаш үчүн балдардардын колу жетпеген жерде сактоо керек.
Маанилүү маалыматты караңыз.
Жок. IQOS ILUMA түзмөктөрү TEREA стиктери менен гана колдонулат. Башка стиктер, анын ичинде HEETS жана Fiit жаңы муундагы түзмөктөр үчүн иштелип чыккан эмес.
Fiit стиктери TEREAдан курамы жана төмөнкү түзмөктөр менен шайкештиги боюнча айырмаланат:
- TEREA стиктери IQOS ILUMA менен гана колдонуу үчүн иштелип чыккан – стиктин ичинде металлдан жасалган ысытуу элементи бар, демек түзмөктү тазалоонун кереги жок.
- Fiit стиги lil SOLID үчүн иштелип чыккан.
Маанилүү: TEREA стиктери IQOS ILUMA менен гана колдонууга арналган. TEREA тамеки стиктеринде металл пластинасы бар. Стикти ажыратып албаш үчүн жана кокустан жутуп албаш үчүн балдардардын колу жетпеген жерде сактоо керек.
Маанилүү маалыматты караңыз.
Эч нерсе болбойт. Түзмөк иштебейт - ал TEREA стиктери менен гана иштейт.
Колдонулган стик менен толук цикл болбойт.
HEETS – HeatControl™ технологиясы бар түзмөктөр үчүн жасалган стиктер (мисалы, IQOS ORIGINALS DUO, IQOS 3 DUO\3, IQOS MULTI, IQOS 2.4 Plus).
- Нымдан жана күндөн алыс кармаңыз.
- Таңгакты кургак жерде сактаңыз.
- Таңгак жабык экенин текшериңиз.
Мындай жол менен тамеки өзүнүн даамын узакка сактайт.
Ооба. Ар бир HEETS стигинде никотин бар.
Жок. HEETS стиги HeatControl™ технологиясы бар түзмөктөр үчүн гана ылайыктуу (мис., IQOS ORIGINALS DUO, IQOS 3 DUO\3, IQOS MULTI, IQOS 2.4 Plus). Башка түзмөктөр менен колдонуу каалаган натыйжага кепилдик бербейт.
Деймеде - кайсынысы мурун келгенине карап 14 тартууга же 6 мүнөткө чейин созулат.
Диагностика
Орнотулган программалык камсыздоону (ПК) үзгүлтүксүз жаңыртып туруу түзмөктүн натыйжалуу жана туруктуу иштешине жардам берет. Бул бардык моделдерге тиешелүү: IQOS ILUMA, IQOS ORIGINALS DUO, IQOS 3 DUO.
Программалык камсыздоону жаңыртуу үчүн:
- Сайтта авторизациядан өтүңүз.
- Профиль бөлүмүнө өтүңүз (жогорку жактагы каттоо эсебинин значогу)
- «Менин түзмөктөрүм» бөлүмүн ачып, заряддагыч түзмөктү тандап, «Көбүрөөк маалымат» баскычын басыңыз
- «Түзмөктүн жөндөөлөрү» бөлүмүнө өтүңүз, андан соң түзмөктү IQOS тиркемесине Bluetooth же USB аркылуу туташтыруу боюнча көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
- Туташтыргандан кийин «Менин түзмөгүм жөнүндө» бөлүмүн ачыңыз – ал жактан программалык камсыздоону текшерип жана жаңыртса болот
- Жаңыртуу бүткөндөн кийин түзмөктү өчүрсөңүз болот.
Эскертүү: Жаңыртуудан мурун түзмөктү профилге кошуу керек. Айрым моделдер үчүн жаңыртуу заряддагыч түзмөк туташтырылганда гана мүмкүн болот.
- Заряддагыч түзмөктүн программалык камсыздоосун Bluetooth же USB аркылуу жаңыртууга болот
- Кармоочунун программалык камсыздоосу — USB аркылуу компьютерге туташтырганда гана, жана кармоочу заряддагычка орнотулганда гана жаңыртылат.
Процесстин туруктуулугу үчүн жаңыртууну USB аркылуу жүргүзүү сунушталат.
Программалык камсыздоону жаңыртуу аркылуу төмөнкүлөргө жетишсе болот:
- Түзмөктүн иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатуу
- Кызмат мөөнөтүн узартуу
- Мүмкүн болгон көйгөйлөрдү чечүү
- Тезирээк кубаттоону камсыз кылуу.
Ооба, бул процесстин бир бөлүгү болуп саналат. Түзмөк бир нече жолу автоматтык түрдө өчүп-күйүп калышы мүмкүн.
- 20 секунд ичинде кайра туташтырыңыз.
- Жарык индикаторлор (ак же кызыл) жанып-өчүп турушу да кадимки көрүнүш.
- Жөн гана экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
- Жанып-өчүп жаткан сары индикатор – кармагычтын заряды калбаган.
Заряддоо убагы:
• 0дөн 1 сеанска чейин – болжол менен 1 мүнөт 50 секунд
• 1ден 2 сеанска чейин – болжол менен 3 мүнөт 25 секунд
• 0дөн 2 сеанска чейин – болжол менен 5 мүнөт 15 секунд
- Кызыл жанып-өчүп жаткан индикатор — кармагычты заряддагыч түзмөккө салып, аны өчүрүп кайра күйгүзүңүз.
- Ак индикаторлор эки жолу жанып-өчөт – түзмөк температура чегинен ашкан (иштөө диапазону: 0°C – 40°C)
- 1 жолу вибрация – ысытуу башталды.
- 1 жолу вибрация – түзмөк колдонууга даяр.
- 1 жолу вибрация – сеанс бүтөрүнө 30 секунд калды.
Эгер вибрация болбосо, мүмкүн:
• кармагыч бузулган болушу мүмкүн
• вибрация өчүрүлгөн
• колдонуучу вибрацияны сезбей калышы мүмкүн
Жанып-өчүп жаткан сары индикатор — түзмөктүн заряды түгөнгөн.
Ак индикатор эки жолу жанып-өчөт — түзмөк температура чегинен чыккан (0°C – 40°C).
Кызыл жанып-өчүп жаткан индикатор — IQOS ILUMA ONE түзмөгүн өчүрүп жандыруу керек.
а) Бул демейки көрүнүш:
- Түзмөк колдонуу учурунда ысып калышы мүмкүн, айрыкча 2 катар сеанс колдонулганда
- Орнотулган сенсорлор температураны көзөмөлдөп, ашыкча ысыганда түзмөктү автоматтык түрдө өчүрүп коёт
- Колдонууга сунушталган температура диапазону: 0°C – 40°C.
б) Эмне үчүн IQOS ILUMA түзмөгү IQOS 3 DUO™ менен салыштырганда көбүрөөк ысып кетет:
- IQOS ILUMA алюминийден жасалган, ал эми IQOS 3 DUO пластиктен. Ошондуктан ысыганы башкача сезилет.
- Эки түзмөк тең коопсуздук тесттен өткөн.
в) Айрым учурда кармагыч көбүрөөк ысып кетет:
- Бул көп же узак убакыт колдонуу менен байланыштуу болушу мүмкүн.
- Ысытуу кармагычтын жогорку бөлүгүндө сезилет
- Ысыганын азыраак сезүү үчүн кармагычты төмөн жактан кармоо сунушталат.
г) Эгер кармоочу дагы эле ысый берсе:
- «Колдоо» бөлүмүнө кайрылыңыз же 1848 номерине чалыңыз.
Кепилдик жана алмаштыруу
12 айлык кепилдик мөөнөтү өндүрүштүк кемчилик бар болсо жана «IQOS Колдонуучунун нускамасына» ылайык туура пайдаланылган учурда, IQOS ILUMA кармагычын жана заряддагыч түзмөктү тейлөөнү же алмаштырууну камтыйт.
Көйгөйдү чечүү мүмкүн болбосо, ошол эле техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон жаңы түзмөк менен алмаштырылат. Түсү жана модели түзмөктүн жеткиликтүүлүгүнө жараша айырмаланышы мүмкүн.
Маанилүү: кепилдик кубаттоо адаптерине, заряддоо кабелине жана аксессуарларга тиешелүү эмес.
Кепилдик сатып алынган өлкөдө гана күчүндө болуп, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдар менен кепилденген укуктарыңызды чектебейт.
Толук маалыматты IQOS ILUMA комплектине кошулган кепилдик шарттарынан окуңуз.
Дүкөндө – IQOS адистери сизге ошол жерде жардам берет. Эгер учур гарантияга туура келсе, биз алмаштыруу иштерин жүргүзөбүз. Дүкөндөрдүн даректери «Дүкөндү табуу» бөлүмүндө.
Сиз ошондой эле түзмөктү сайттан онлайн диагностикадан өзүңүз эле өткөрө аласыз iqos.com/kg - шилтемени коюңуз
Сиз төмөнкүлөрдү аткара аласыз:
- 1848 номерине чалуу менен Колдоо кызматына кайрылсаңыз болот
- Кайсы болбосун IQOS расмий дүкөнүнө кайрылыңыз.
Кепилдик сатып алынган күндөн тартып 12 айга чейин жарактуу.
Жок. Кепилдик сатып алынган өлкөдө гана күчүндө.
IQOS түзмөктөрүнө берилген кепилдик сатып алынган күндөн тартып 12 айга чейин жарактуу. Сатып алуунун далили жок болгон учурда, компания өзүнүн маалыматтарына таянып, даярдалган күндөн тартып кепилдик мөөнөтүн ыктыярдуу түрдө аныктоо укугун өзүнө калтырат. Кепилдик шарттарына ылайык, бул мөөнөттүн ичинде биз сизге кызмат көрсөтөбүз жана керек болсо түзмөгүңүздү алмаштырабыз.
Кепилдик төмөнкүлөрдү камтыбайт:
- Эскирүүдөн зыян тартканы
- Косметикалык кемчиликтер (сызыктар, жаракалар, басылып калганы)
- Суюктукка тийгени, өрт, электр кубаты аркылуу тийген бузулуулар
- Шайкеш келбеген аксессуарлар менен колдонуудан улам бузулуулар
- Өз алдынча оңдоо, модификациялоо же ачуу
- Эксплуатациялоо инструкциясын бузуу
Жок. Эгер мүчүлүштүк батарейкага байланыштуу болсо жана кепилдикке кирсе, түзмөк толугу менен алмаштырылат. Кепилдик сатып алынган күндөн тартып 12 айга чейин жарактуу. Кененирээк маалымат– «Колдонуучунун нускамасында».
Жок. Түзмөктү алмаштыруу сатып алынган өлкөдө гана мүмкүн.
IQOS аккаунту
www.iqos.com/kg/ дарегине өтүп, «Каттоо» баскычын басыңыз. Эгер сизде мурунтан эле аккаунтуңуз бар болсо, жөн гана телефон номериңизди же электрондук почтаңызды жана сырсөзүңүздү колдонуп кириңиз.
Жаңыртуу же сырсөзүңүздү жаңылоо үчүн «Сырсөзүңүздү унутуңузбу?» баскычын басыңыз. – биз калыбына келтирүү үчүн шилтеме жөнөтөбүз.
Кирүү баракчасында электрондук почтаңызды же телефон номериңизди жана сырсөзүңүздү киргизиңиз. Каттоо учурунда көрсөткөн маалыматтарды колдонуңуз.
- Жеке кабинетиңизге кириңиз
- «Электрондук почта дареги» бөлүмүнө өтүңүз
- «Өзгөртүү» баскычын басыңыз
- Жаңы e-mail киргизгенден кийин, почтаңызга келген кат аркылуу аны ырастаңыз.
Профилиңизге кириңиз, «Сырсөз» бөлүмүн ачып, «Өзгөртүү» баскычын басыңыз. Учурдагы сырсөздү киргизип, андан кийин жаңысын жазыңыз.
- www.iqos.com/kg/ сайтында авторизациядан өтүңүз
- Жеке кабинетке кириңиз
- «Менин маалыматтарым» бөлүмүн ачыңыз.
- «Менин даректерим» бөлүмүнө өтүңүз
- Тандаңыз жана керектүү даректи оңдоңуз.
1848 номерине чалуу менен Колдоо кызматына кайрылыңыз.
Веб-сайттагы жеке кабинетке кириңиз, «Менин маалыматтарым» бөлүмүн ачыңыз жана «Менин тандоолорум» бөлүмүнө өтүңүз. Маркетинг билдирүүлөрүнө макулдуктун жанындагы галочканы алып салыңыз.
Веб-сайтта жеке кабинетке кириңиз, «Менин маалыматтарым» бөлүмүн ачыңыз жана «Каттоо эсебин өчүрүү» баскычын басыңыз.
Эске алыңыз: тастыктагандан кийин профиль калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жок өчүрүлөт.
Биз жеке маалыматтарды коргоо боюнча бардык мыйзамдарды сактайбыз. Толугураак маалыматты жеке маалыматтарды коргоо саясаты жана жеке маалыматтарды чогултуу жана иштетүүгө макулдук беттеринен таба аласыз.
Биз менен өзүңүзгө ыңгайлуу ыкма аркылуу байланышыңыз:
– телефон аркылуу: 1 848
– дарек аркылуу: contact.kg@iqos.com
– же сайттагы чат аркылуу
IQOS Тейлөөлөрү жана Привилегиялары
Сиз IQOSтун расмий дүкөнүнөн Тест-Драйвты тариздей аласыз. Дүкөндөрдүн тизмеги «Дүкөндү табуу» бөлүмүндө.
Тест-драйвды тариздөө үчүн күрөө коюш керек:
- 2000 сом – IQOS ILUMA™ түзмөгү үчүн
- 1400 сом – IQOS ILUMA ONE™ түзмөгү үчүн
Күрөө накталай төлөнөт жана түзмөк жакшы абалда кайтарылган учурда толук кайтарылып берилет.
Сиз түзмөктү кеминде 6 ай аралык менен 2 жолу Тест-Драйв үчүн ала аласыз.
Түзмөк Тест-Драйв үчүн 14 календардык күнгө берилет.
Жок. Драйв үчүн бир эле учурда бир гана түзмөктү ала аласыз.
Тест-Драйв бүткөндөн кийин түзмөктү ошол эле IQOS дүкөнүнө кайтаруу керек. Кайтаргандан кийин, сиз жаңы түзмөктү сатып алсаңыз болот.
IQOS Колдоо кызматына 1848 номерине чалып же расмий IQOS дүкөнүнө кайрылыңыз.
Тест-Драйв учурунда сигарет тартпоону сунуштайбыз. Бул тамеки ысытуу системасын колдонуунун артыкчылыктарын толук түшүнүүгө жардам берет.
Сиз Трейд-ин программасын бардык расмий IQOS дүкөндөрүндө колдоно аласыз. Толук маалымат – «Трейд-ин» бөлүмүндө.
Трейд-ин программасын бир жолу колдонсо болот.
Сиз төмөнкү түзмөктөрдүн бирин тапшыра аласыз:
- IQOS 3 DUO
- IQOS ORIGINALS DUO
- lil SOLID
Түзмөк иштеп турган да, иштебей турган да абалда болушу мүмкүн. Кутунун болуусу талап кылынбайт.
Ооба, Трейд-ин программасы аркылуу алынган IQOS ILUMA™ линиясына кирген бардык түзмөккө сатып алуу күнүнөн тартып 12 айлык кепилдик берилет.
Сиз өзүңүздүн рефералдык кодуңузду Досуңуз* менен бөлүшөсүз. Кодду ийгиликтүү колдонгондо, сиз телефонуңуздун балансына бонус аласыз:
- 600 сом кодду биринчи жолу ийгиликтүү колдонгон үчүн
- Кийинки төрт ийгиликтүү колдонуулардын ар бири үчүн 300 сомдон
Досуңуз өзүнүн биринчи түзмөгүн каттоо баасында сатып ала алат:
- IQOS ILUMA PRIME – 6600 сом
- IQOS ILUMA – 4000 сом
- IQOS ILUMA ONE – 2200 сом
- lil SOLID Ez – 1500 сом
* Дос – бул жашы жеткен курактагы никотин продукциясын колдонуучу, IQOS/lil системаларынын колдонуучусу эмес жана башка учурда тамеки тартууну же никотин камтыган азыктарды колдонууну уланткан адам.
Коду каалаган ыңгайлуу ыкма менен бере аласыз: жеке, мессенджерлер аркылуу же электрондук почта аркылуу. Кодду ошондой эле түздөн-түз iqos.com/kg сайтынан, WhatsApp же e-mail аркылуу жөнөтсө болот.
Жок. Сиздин Досуңуз биринчи түзмөгүн сатып алууда IQOS расмий дүкөнүндө жөн гана рефералдык кодуңузду атайт. Система коддун колдонулганын автоматтык түрдө каттайт.
Бонус биринчи 5 ийгиликтүү колдонулгандан кийин гана берилет. Эсептөө бир нече иш күнүнө созулушу мүмкүн. Эгерде суроолоруңуз болсо, 1848 номерине чалыңыз же эң жакын расмий IQOS дүкөнүнө кайрылыңыз.
Кодду тактоо үчүн 1848 номерине Колдоо кызматына чалыңыз же «Рефералдык программа» бөлүмүнөн караңыз.
Жок. Рефералдык программа боюнча сунуш IQOS расмий дүкөндөрүндө башка акциялар жана сунуштар менен кошулбайт.
Ооба. Рефералдык программасына IQOS же lil маалымат базасында катталган никотин камтыган продукцияларды колдонгон жашы жеткендер гана катыша алышат.
Сиздин IQOS түзмөгүңүз
IQOS ILUMA i™ – бул чындап жекелештирилген тажрыйба үчүн иштелип чыккан бир катар өркүндөтүлгөн функцияларга ээ түзмөктөрдүн жаңы линейкасы.
Линейка үч түзмөктү камтыйт: IQOS ILUMA i PRIME™, IQOS ILUMA i™, и IQOS ILUMA i ONE™.
IQOS ILUMA i™ IQOSтун мурунку муундарына караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде колдонуу учурунда сенсордук экранда негизги маалыматты көрсөтүүнү, сунуштайт:
- алдын ала ысытуу абалы (узактыгы жана аяктоосу);
- сеанстын калган убактысы;
- жеткиликтүү сеанстардын саны (бир, эки же үч).
IQOS ILUMA i PRIME™, IQOS ILUMA i™ жана IQOS ILUMA i ONE™ түзмөктөрү менен сиз ошондой эле өркүндөтүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана аласыз:
- кайра заряддалбастан катары менен үч сеанска чейин (аткаруу режиминде¹, эгер “Тыныгуу режими”² иштетилбесе);
- Сеансты токтотуу жана аны кийинчерээк улантуу мүмкүнчүлүгү;
- FlexPuff — сорууларды ийкемдүү башкаруу;
- FlexBattery — кармагычтын аккумуляторунун иштөө режимин тандоо.
¹ Тыныгуу иштетилбесе, Аткаруу Режиминде гана жеткиликтүү.
² Тыныгуу режими аткаруу режиминде гана, сеанстын алгачкы 3 мүнөтүндө же 8 сорууда жеткиликтүү.
IQOS ILUMA i™ жана IQOS ILUMA™ тамекисин SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясынын жардамы менен жылытат.
Анын айырмачылыгы: IQOS ILUMA i™ - классикалык IQOS ILUMA™ мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, тажрыйбаны ого бетер жекелештирилген түзмөктөрдүн инновациялык линейкасы.
IQOS ILUMA i™ жана IQOS ILUMA™ линейкаларынын ортосундагы негизги айырмачылыктар:
1. Сенсордук экран:
Реалдуу убакытта көрүүгө мүмкүндүк берет:
- алдын ала ысытуу абалы (узактыгы, аяктоосу);
- сеанстын калган убактысы;
- жеткиликтүү сеанстардын саны (бир же эки).
2. Ийкемдүү колдонуу жана жекелештирүү үчүн жаңы функциялар:
- "Тыным режиминин*" жардамы менен сеанстарды тындыруу жана улантуу;
- FlexPuff функциясынын аркасында колдонуу стилине көнүү;
- FlexBattery функциясы аркылуу кармагычтын аккумуляторун жөнгө салуу.
² Тыныгуу режими аткаруу режиминде гана, сеанстын алгачкы 3 мүнөтүндө же 8 соруусунда жеткиликтүү.
IQOS ILUMA i PRIME™ жана IQOS ILUMA i™ шайкештиги
Ооба, алар шайкеш келет. IQOS ILUMA i PRIME™ кармагычын IQOS ILUMA i™ заряддагычта жана тескерисинче кубаттай аласыз. Заряддоо кабели жана адаптери бирдей.
IQOS ILUMA™ жана IQOS ILUMA i™ түзмөктөрүнүн шайкештиги
Ооба, алар шайкеш келет. IQOS ILUMA i™ кармагычын IQOS ILUMA™ түзмөктөрүнүн жардамы менен жана тескерисинче кубаттай аласыз (бул IQOS ILUMA™ жана IQOS ILUMA PRIME™ үчүн тиешелүү).
IQOS ILUMA i™ түзмөктөрүн кубаттоо үчүн IQOS ILUMA™ түзмөктөрүнүн заряддоо кабелин жана адаптерин колдонсоңуз болот. Мындан тышкары, IQOS ILUMA аксессуарлары тиешелүү IQOS ILUMA i™ түзмөктөрүнө жана тескерисинче шайкеш келет.
Ооба, сиз мурунку IQOS™ (IQOS ORIGINALS DUO™, IQOS lil Solid 2.0™) моделдеринин кубат адаптерин колдонсоңуз болот.
Заряддоо үчүн USB Type-C кабели талап кылынат.
Туура кубаттоо үчүн, кубат адаптерин төмөнкүсүнө текшериңиз:
- Ал 10 Вт кубаттуулугун чыгарат (5 В, 2 А)
- CE коопсуздук белгиси бар (адаптерде же таңгагында көрсөтүлгөн).
Кубат адаптеринин мүнөздөмөлөрүн түздөн-түз адаптердин корпусунан же анын кутусунан текшерсе болот.
Сиз үч варианттын бирин тандасаңыз болот:
1. Мурунку IQOS™ түзмөктөрүнүн адаптери (IQOS ORIGINALS DUO™, IQOS lil Solid 2.0™)
2. IQOS™ дүкөндөрүнөн сатылып алынган жаңы адаптер.
3. Башка өндүрүүчүнүн сертификацияланган адаптери (5 В, 2 А, коопсуздук сертификаты менен — көбүнчө ири электроника дүкөндөрүндө сатылат).
⚠️ Заряддоодон мурда түзмөктүн USB порту таза, анда чаң жана бөтөн бөлүкчөлөр жок экенин текшерүүнү сунуштайбыз.
Эгерде сиз үчүнчү тараптын адаптерин колдонуп жатсаңыз, анда аны текшериңиз:
- 10 Вт кубаттуулукту чыгарат (5 В, 2 А — таңгакта же адаптердин корпусунда көрсөтүлгөн)
- коопсуздук сертификаты бар (PSE белгиси менен белгиленген)
- IQOS™ кабели (USB Type-C) менен шайкеш келет
- төмөн кубаттуулугу жок, анткени бул заряддоону жайлатат жана бузулууларды же коопсуздук коркунучун жаратышы мүмкүн.
Кубат адаптеринин параметрлерин анын корпусунан же таңгагынан текшерүүгө болот.
FlexPuff - бул IQOS ILUMA i PRIME™ жана IQOS ILUMA i™ түзмөктөрүндө жеткиликтүү болгон инновациялык функция, ал мурункудан да ийкемдүү колдонууну сунуш кылат.
Соруу стилиңизге жараша аппарат сизге ыңгайлашат жана 6 мүнөттүн ичинде кошумча сорууларды* камсыздай алат.
FlexPuff функциясы жаңы түзмөктөрдө демейки боюнча иштетилген. Сеанс учурунда түзмөк керектелген аэрозолдун көлөмүн талдап, автоматтык түрдө FlexPuff иштетет. Эгер көлөм белгилүү бир деңгээлден төмөн түшсө, сиз ошол эле 6 мүнөттүк сеанстын ичинде кошумча сорууларды* ала аласыз.
Көңүл буруңуз: эгер колдонуу учурунда "Тыным режими" иштетилсе, FlexPuff функциясы учурдагы сеанста активдештирилбейт. FlexPuff активдүү болгондо, сенсордук экран жеткиликтүү кошумча соруулардын* санын көрсөтөт жана процесс аяктаганга чейин индикатор сааттын жебесине каршы жылат.
FlexPuff сиздин жеке колдонуу үлгүлөрүңүзгө ылайыкташтырылган, ошондуктан кеңейтилген сеанс дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт.
*FlexPuff TEREA™ жылытылуучу тамеки буюмдары менен колдонуу үчүн иштелип чыккан. Соруулардын саны жана аларды активдештирүү жеке колдонуу өзгөчөлүктөрүнө жараша болот, андыктан кошумча соруулар 18 жаштан жогорку курактагы бардык тамеки колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болбошу мүмкүн. Тыныгуу колдонулганда FlexPuff функциясы иштетилбейт.
TEREA™ жылытылуучу тамеки менен буюмдарын жутпаңыз жана ажыратпаңыз.
Бул продукт курч металл бөлүктү камтыйт, аны жутуу олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн. Балдардын колу жетпеген жерде сактаңыз.
Көбүрөөк маалымат iqos.com/kg сайтында.
Тыныгуу режими IQOS ILUMA i PRIME™ жана IQOS ILUMA i™ түзмөктөрүндө гана жеткиликтүү.
Бул функция сеансты убактылуу тындырууга жана аны 8 мүнөттүн ичинде улантууга мүмкүндүк берет. Эгерде бул убакыттын ичинде сеанс улантылбаса, кармагыч автоматтык түрдө өчөт.
Тыныгуу режимин төмөнкү шарттарда иштетсе болот:
- аткаруу режиминде гана;
- катары менен эки сеанстын биринде гана;
- сеанстын биринчи 3 мүнөтүндө же алгачкы 8 сорууларынын ичинде.
Тыныгуу режими кантип иштейт?
1. Тыным режимин иштетүү үчүн сенсордук экранды ылдый сүрүңүз. Кыска вибрация жанданууну ырастайт.
2. Тыныгуу режиминде экрандагы индикаторлор “12 саат” позиициясынан баштап, саат жебесине каршы акырындык менен өчүп, калган убакытты көрсөтөт.
3. Эгерде тыныгуу 8 мүнөткө созулса, кармоочу өчүрүлөт. Вибрация убакыт өткөнүн көрсөтөт.
4. Улантуу үчүн экранды өйдө сүрүңүз. Көңүл буруңуз: Тыным режимин колдонгондо, соруулардын жалпы саны чектелген (анын ичинде тыныгууга чейин жана андан кийин алынган соруу).
5. Сеансты кайра баштагандан кийин, аппарат орточо 20 секунда алдын ала ысыйт. Бул убакыттын ичинде экранда жарыктын жабык айланасы пайда болот.
6. Дирилдөө жана жарыктандыруу кармоочу кайра колдонууга даяр экенин көрсөтөт.
FlexBattery - бул IQOS ILUMA i PRIME™ жана IQOS ILUMA i™ түзмөктөрүндө гана жеткиликтүү болгон инновациялык функция. Бул кармагычтын аккумуляторунун иштешин тандоого мүмкүндүк берет: Аткаруу режиминде же эко-режиминде.
Демейки боюнча, түзмөк Аткаруу режимине коюлган.
⚠️ Режимдерди которуштуруу IQOS™ расмий дүкөндөрүндө гана мүмкүн.
Аткаруу режими (стандарттуу):
- Ар бири 6 мүнөткө чейин созулган эки ырааттуу сеанска чейин. • Тыным режими сеанстардын биринде колдонулушу мүмкүн;
- Тыным режими колдонулбаса, 6 мүнөттөн үч ырааттуу сеанска чейин.
- Эскертүү: сенсордук экран үчүнчү сеансты түз көрсөтпөйт. Экинчи сеанстан кийин экранда башка жеткиликтүү сеансты көрсөтүүчү "–" белгиси пайда болот. Сеанстар жок болуп калганда, экранда "0" көрсөтүлөт.
Эко-режим:
- 6 мүнөткө чейин бир гана сеанс жеткиликтүү;
- "Тыным режими" жеткиликтүү эмес;
- Активдештирүү IQOS™ расмий дүкөндөрүндө гана мүмкүн;
- Эко режимин үзгүлтүксүз колдонуу кармагычтын батареянын иштөө мөөнөтүн кыйла узартууга жардам берет (натыйжалар жеке колдонууга жараша болот).
IQOS ILUMA i PRIME™ жана IQOS ILUMA i™ сенсордук экрандарында жарык диоддордун эки жарыктык деңгээли бар: "Жогорку" жана "Төмөн".
LED жарыктыгын өзгөртүү үчүн сенсордук экранды беш жолу таптаңыз. LED жарыктыгы 100% (жогорку) жана 30% (төмөн) ортосунда болот.
IQOS ILUMA i PRIME™ жана IQOS ILUMA i™ түзмөктөрүндө жеткиликтүү сеанстардын саны сенсордук экранда көрсөтүлөт.
Текшерүү үчүн экранды бир жолу таптаңыз:
- Эки горизонталдуу сызык: 2 сеанс жеткиликтүү;
- Бир сызык: 1 сеанс жеткиликтүү;
- Экинчи сеанстан кийин, үчүнчү сеанс мүмкүн экенин көрсөткөн кошумча сызык пайда болот;
- "0" мындан ары сеанстар жок жана кармагычты заряддоо керек дегенди билдирет.
IQOS ILUMA i PRIME™ жана IQOS ILUMA i™ түзмөктөрүндө гана жеткиликтүү сеанстардын санын сенсордук экранда текшерсе болот.
Сенсордук экранга кыска басуу:
- Эки горизонталдуу сызык 2 жеткиликтүү сеансты көрсөтөт.
- Бир горизонталдуу сызык 1 жеткиликтүү сеансты көрсөтөт.
- Экинчи сеанстан кийин горизонталдуу сызык үчүнчү сеанстын бар болушун көрсөтөт.
- "0" саны батареянын заряды түгөндү экенин көрсөтүп турат. Жеткиликтүү сеанстар жок. Сураныч, кармагычты заряддаңыз.
IQOS ILUMA i PRIME™ бул IQOS ILUMA™ линейкасынын кийинки мууну, ал салмактуураак, тазараак жана ийкемдүүрөөк тажрыйба үчүн иштелип чыккан.
Негизги өзгөчөлүктөрү:
1. Сенсордук экран, ал реалдуу убакытта төмөнкүсүн көрсөтөт:
- алдын ала ысытуу абалы (узактыгы жана аяктоосу);
- сеанстын калган убактысы;
- жеткиликтүү сеанстардын саны (бир же эки).
2. Түзмөктү колдонуу стилиңизге ылайыкташтырган жаңы өркүндөтүлгөн функциялар:
- «Тыным режими» – сеансты тындыруу жана кайра улантуу мүмкүнчүлүгү;
- FlexPuff — сорууларды ийкемдүү башкаруу;
- FlexBattery — кармагычтын аккумуляторунун иштөө режимин тандоо.
IQOS ILUMA i PRIME™ TEREA™ жылытылуучу тамеки буюмдары* менен гана шайкеш келет.
*TEREA™ жылытылуучу тамеки менен буюмдарын жутпаңыз жана ажыратпаңыз.
Бул продукт курч металл бөлүктү камтыйт, аны жутуу олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн. Балдардын колу жетпеген жерде сактаңыз.
Көбүрөөк маалымат iqos.com/kg сайтында.
1. Түзмөктү күйгүзүңүз: заряддоочу түзмөктүн баскычын басып, 4 секунда кармап туруңуз, андан кийин баскычты коё бериңиз. Заряддагыч түзмөктүн жана кармагычтын абалынын индикаторлору жай күйө баштайт.
2. Кармагычты заряддагычка салып, капкакты жабыңыз. Кармагычтын абалынын индикатору батарея зарядынын деңгээлин көрсөтөт.
3. Заряддагычтан кармагычты алып чыгып, TEREA™* ысытылуучу тамеки буюмун кармагыч титирегенге чейин чыпкадагы сызыкка чейин коюңуз.
4. Алдын ала ысытуу автоматтык түрдө (Autostart) же сенсордук экранды өйдө сүрүү менен башталат. Статус экранда көрсөтүлөт (болжол менен 20 секунда).
5. Экинчи вибрациядан кийин, сиз аны колдоно баштасаңыз болот.
6. Сенсордук экрандагы артка эсептөө индикатору калган колдонуу убактысын көрсөтөт.
7. Аягына 30 секунда калганда же 2 соруу калганда, кармагыч титирет.
8. Колдонулган TEREA™* жылытылуучу тамеки буюмун алып салыңыз жана аны коопсуздук көрсөтмөлөрүнө ылайык жок кылыңыз.
9. Кошумча заряддоо үчүн кармагычты кайра заряддагычка салыңыз.
*TEREA™ жылытылуучу тамеки менен буюмдарын жутпаңыз жана ажыратпаңыз.
Бул продукт курч металл бөлүктү камтыйт, аны жутуу олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн. Балдардын колу жетпеген жерде сактаңыз.
Көбүрөөк маалымат iqos.com/kg сайтында.
Алгачкы жолу колдонуудан мурда:
1. Түзмөктү туура келген кубат адаптери (5V, 2A, Type-C чыгышы) жана Type-C кубаттоо кабелинин жардамы менен розеткадан толук заряддаңыз.
2. Толук кубаттоо болжол менен 135 мүнөт (2 саат 15 мүнөт) талап кылат.
3. IQOS ILUMA i PRIME™ заряддагычын кармагыч орнотулган бойдон же аны орнотпостон кубаттасаңыз болот.
4. Буюмду биринчи жолу колдонгондо (таңгакты ачкандан кийин) же узак убакыт бою аракетсиз болгондон кийин кармагычтын толук заряддалышы 10 мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Бул демейдеги көрүнүш.
5. IQOS ILUMA i PRIME™ заряддагычы иштөө үчүн толук кубатталуунун кереги жок, бирок биз аны биринчи жолу колдонуудан мурун толук кубаттоону сунуштайбыз.
6. Кармагычты заряддоо үчүн аны заряддагычка салып, капкакты жабыңыз. Кармагычтын абалынын индикатору батарея зарядынын деңгээлин көрсөтөт.
Аккумулятордун зарядын текшерүү үчүн баскычты басып, коё бериңиз. Индикаторлор батареянын абалын көрсөтөт:
- 4 жарык диод - 75%дан ашык
- 1 жарык диод - 25%дан аз
- Үч кызгылт сары түстөгү жаркыроо - батареянын заряды толугу менен бүттү жана кайра заряддоону талап кылат.
Кармагычтын заряд деңгээлин текшерүү үчүн, аны өзүңүздүн тарабыңызга эңкейтиңиз же сенсордук экранды таптаңыз. Бул учурда сенсордук экрандагы индикаторлор деңгээлди көрсөтөт.
Эгерде кармагычтын заряды толугу менен бүтсө, сенсордук экрандагы анын жарык шакекчесинде "0" пайда болот жана арткы жарык күйбөйт.
1. Кармагычты заряддагыч түзмөккө орнотуңуз.
2. Заряддагычтагы баскычты басып, 10 секунда кармап туруңуз.
3. Бардык индикаторлор өчөт, эки жолу бүлбүлдөйт жана кайра күйөт - бул орнотуулар баштапкы абалга келтирилгенин билдирет.
4. Баскычты кое бериңиз.
IQOS ILUMA i™ – бул чындап жекелештирилген тажрыйба үчүн иштелип чыккан бир катар өркүндөтүлгөн функцияларга ээ түзмөктөрдүн жаңы линейкасы.
Линейка үч түзмөктү камтыйт: IQOS ILUMA i PRIME™, IQOS ILUMA i™, и IQOS ILUMA i ONE™.
IQOS ILUMA i™ IQOSтун мурунку муундарына караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде колдонуу учурунда сенсордук экранда негизги маалыматты көрсөтүүнү, сунуштайт:
- алдын ала ысытуу абалы (узактыгы жана аяктоосу);
- сеанстын калган убактысы;
- жеткиликтүү сеанстардын саны (бир, эки же үч).
IQOS ILUMA i PRIME™, IQOS ILUMA i™ жана IQOS ILUMA i ONE™ түзмөктөрү менен сиз ошондой эле өркүндөтүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана аласыз:
- кайра заряддалбастан катары менен үч сеанска чейин (аткаруу режиминде¹, эгер “Тыныгуу режими”² иштетилбесе);
- Сеансты токтотуу жана аны кийинчерээк улантуу мүмкүнчүлүгү;
- FlexPuff — сорууларды ийкемдүү башкаруу;
- FlexBattery — кармагычтын аккумуляторунун иштөө режимин тандоо.
¹ Тыныгуу иштетилбесе, Аткаруу Режиминде гана жеткиликтүү.
² Тыныгуу режими аткаруу режиминде гана, сеанстын алгачкы 3 мүнөтүндө же 8 сорууда жеткиликтүү.
1. Түзмөктү күйгүзүңүз: заряддоочу түзмөктүн баскычын басып, 4 секунда кармап туруңуз, андан кийин баскычты коё бериңиз. Заряддагыч түзмөктүн жана кармагычтын абалынын индикаторлору жай күйө баштайт.
2. Кармагычты заряддагычка салып, капкакты жабыңыз. Кармагычтын абалынын индикатору батарея зарядынын деңгээлин көрсөтөт.
3. Заряддагычтан кармагычты алып чыгып, TEREA™* ысытылуучу тамеки буюмун кармагыч титирегенге чейин чыпкадагы сызыкка чейин коюңуз.
4. Алдын ала ысытуу автоматтык түрдө (AutoStart) же сенсордук экранды өйдө сүрүү менен башталат. Статус экранда көрсөтүлөт (болжол менен 20 секунда).
5. Экинчи вибрациядан кийин, сиз аны колдоно баштасаңыз болот.
6. Сенсордук экрандагы артка эсептөө индикатору калган колдонуу убактысын көрсөтөт.
7. Аягына 30 секунда калганда же 2 соруу калганда, кармагыч титирет.
8. Колдонулган TEREA™* жылытылуучу тамеки буюмун алып салыңыз жана аны коопсуздук көрсөтмөлөрүнө ылайык жок кылыңыз.
9. Кошумча заряддоо үчүн кармагычты кайра заряддагычка салыңыз.
*TEREA™ жылытылуучу тамеки менен буюмдарын жутпаңыз жана ажыратпаңыз.
Бул продукт курч металл бөлүктү камтыйт, аны жутуу олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн. Балдардын колу жетпеген жерде сактаңыз.
Көбүрөөк маалымат iqos.com/kg сайтында.
Алгачкы жолу колдонуудан мурда:
1. Түзмөктү туура келген кубат адаптери (5V, 2A, Type-C чыгышы) жана Type-C кубаттоо кабелинин жардамы менен розеткадан толук заряддаңыз.
2. Толук кубаттоо болжол менен 135 мүнөт (2 саат 15 мүнөт) талап кылат.
3. IQOS ILUMA i™ заряддагычын кармагыч орнотулган бойдон же аны орнотпостон кубаттасаңыз болот.
4. Буюмду биринчи жолу колдонгондо (таңгакты ачкандан кийин) же узак убакыт бою аракетсиз болгондон кийин кармагычтын толук заряддалышы 10 мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Бул демейдеги көрүнүш.
5. IQOS ILUMA i™ заряддагычы иштөө үчүн толук кубатталуунун кереги жок, бирок биз аны биринчи жолу колдонуудан мурун толук кубаттоону сунуштайбыз.
6. Кармагычты заряддоо үчүн аны заряддагычка салып, капкакты жабыңыз.
7. Кармагычтын абалынын индикатору батарея зарядынын деңгээлин көрсөтөт.
Түзмөктүн аккумуляторунун зарядын текшерүү үчүн баскычты басып, коё бериңиз. Индикаторлор батареянын абалын көрсөтөт:
- 4 жарык диод - 75%дан ашык
- 1 жарык диод - 25%дан аз
- Үч кызгылт сары түстөгү жаркыроо - батареянын заряды толугу менен бүттү жана кайра заряддоону талап кылат.
Кармагычтын заряд деңгээлин текшерүү үчүн, аны өзүңүздүн тарабыңызга эңкейтиңиз же сенсордук экранды таптаңыз - экрандагы индикаторлор деңгээлин көрсөтөт.
Эгерде кармагычтын заряды толугу менен бүтсө, сенсордук экрандагы анын жарык шакекчесинде "0" пайда болот жана арткы жарык күйбөйт.
1. Кармагычты заряддагыч түзмөккө орнотуңуз.
2. Заряддагычтагы баскычты басып, 10 секунда кармап туруңуз.
3. Бардык индикаторлор өчөт, эки жолу бүлбүлдөйт жана кайра күйөт - бул орнотуулар баштапкы абалга келтирилгенин билдирет.
4. Баскычты кое бериңиз.
IQOS ILUMA i ONE™ – SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясын колдонуп, тамекини жылыткан жана сигареттерге альтернатива сунуш кылган инновациялык, компакттуу түзүлүш. Ал кармагычты жана заряддагычты бир түзүлүшкө бириктирип, аны жолдо колдонууга өзгөчө ыңгайлуу кылат.
IQOS ILUMA i ONE™ жана IQOS ILUMA ONE™ SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясынын аркасында иштеген сигареттерге түтүнсүз альтернатива болуп саналат. Алар окшош дизайнды жана компакттуу “биринде баары” форматты бөлүшүп, аларды жолдо колдонууга ыңгайлуу кылат.
Түзмөктөрдүн ортосундагы айырма: IQOS ILUMA i ONE™ - жаңы муундагы түзмөк, классикалык IQOS ILUMA ONE™ мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жаңы функциялардын аркасында колдонуу процессин ого бетер ийкемдүү жана жеке кылат .
Негизги айырмачылык - IQOS ILUMA i ONE™ моделинин FlexPuff* функциясы бар болушу. Колдонуу стили жол берсе, бул функция сеансты узартып, кошумча соруу кылууга мүмкүнчүлүк берет. FlexPuff* ритмиңизге ыңгайлашат жана тажрыйбаңызды жекелештирет.
Сатып алууда аппараттын аталышындагы "i" тамгасына көңүл буруу да маанилүү — бул жаңы функциялардын бар экенин көрсөтүп турат.
*FlexPuff TEREA™ жылытылуучу тамеки буюмдары менен колдонуу үчүн иштелип чыккан. Соруулардын саны жана аларды активдештирүү жеке колдонуу өзгөчөлүктөрүнө жараша болот, андыктан кошумча соруулар 18 жаштан жогорку курактагы бардык тамеки колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болбошу мүмкүн.
TEREA™ жылытылуучу тамеки менен буюмдарын жутпаңыз жана ажыратпаңыз.
Бул продукт курч металл бөлүктү камтыйт, аны жутуу олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн. Балдардын колу жетпеген жерде сактаңыз.
Көбүрөөк маалымат iqos.com/kg сайтында.
Түзмөктүн оптималдуу кубатталышын камсыз кылуу үчүн бул жөнөкөй кадамдарды аткарыңыз:
1. Кубат адаптерин* (өзүнчө сатылат) жана кабелди түзмөккө, андан кийин розеткага туташтырыңыз. Толук кубаттоо 90 мүнөттү талап кылат.
2. Заряддоо учурунда аппараттагы жарык тилкеси жанып турат.
3. Эгерде аппараттын заряды толугу менен бүтсө, биринчи тилке бир аз кечигүү менен сары түстө күйүп башташы мүмкүн. Заряддын деңгээли 7% ашканда, жаркыраган индикатор сарыдан ак түскө өзгөрөт.
4. Заряддоо учурунда абал индикаторлору заряддын деңгээлин көрсөтүп бүлбүлдөйт:
- 4 ак тилке - заряддын деңгээли 100%
- 3 ак тилке - заряддын деңгээли 75%
- 2 ак тилке - заряддын деңгээли 50%
- 1 ак тилке - заряддын деңгээли 25%
*Түзмөк оптималдуу түрдө иштеши үчүн, техникалык мүнөздөмөлөрүнө толук шайкеш келген оригиналдуу аксессуарларды же кабелдерди жана адаптерлерди (5V, 2A, Type-C) гана колдонуу сунушталат.
IQOS ILUMA i ONE™ түзмөгүңүздү баштапкы абалга келтирүү үчүн, күйгүзүү баскычын 10 секунда басып, кармап туруңуз.
Бардык жарык индикаторлору өчөт, андан кийин эки жолу жаркылдап, кайра күйөт, бул баштапкы абалга келтирүү ийгиликтүү болгонун билдирет.
Андан кийин баскычты коё бериңиз.
IQOS ILUMA –IQOS түзмөктөрүнүн жаңы мууну SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясы аркасында тамеки ичинен ысытылат, кармагычта миз жок жана күйбөйт. Линейка үч түзмөктү камтыйт: IQOS ILUMA PRIME, IQOS ILUMA жана IQOS ILUMA ONE.
IQOS ILUMA болсо TEREA стиктери* менен гана колдонууга арналган. Аны мурунку IQOS түзмөктөрү же башка стиктер менен колдонбоңуз - бул бузулууга алып келиши мүмкүн.
*Стик – ысытылуучу тамеки таякчасы.
- Мизсиз: TEREA стиги аркылуу ичинен индукциялык ысытуу.
- Тазалоо жок: түзмөктүн ичинде тамекинин калдыктары топтолбойт.
- Автостарт: ысытуу стик орнотулганда автоматтык түрдө башталат. (IQOS ILUMA PRIME жана IQOS ILUMA түзмөктөрүндө)
- Кармагычта миз жок: мизди бузуу коркунучу жок.
TEREA стигин чыпка сызыгына чейин орнотуңуз жана титирөө сигналын күтүңүз. Сеанс учурунда титирөө жана жаркылдоо сизде 2 дем же 30 секунд калганын билдирет. Колдонгондон кийин, тамеки стиктерин таштандыларды жок кылуунун жергиликтүү эрежелерине ылайык таштаңыз.
Капкакты жылдырыңыз, ститки линияга чейин киргизиңиз, жандыруу баскычын 1 секунда басыңыз. Вибрацияны күтүңүз - колдонууга болот. Сеанс аяктаганга чейин түзмөк кайра титирейт. Колдонгондон кийин, тамеки стиктерин таштандыларды жок кылуунун жергиликтүү эрежелерине ылайык таштаңыз.
Жөн гана заряддагычтын баскычын басыңыз:
- 1 ак индикатор = 25%
- 2=50%
- 3=75%
- 4=100%
- Сары күйүп турган индикатор – заряд дээрлик нөлгө барабар.
Кармагычта:
- Кармагычты -өзүңүз тарапка эңкейтиңиз же баскычты бир жолу басыңыз.
- Индикаторлорду караңыз:
o 2 индикатор – 2 жолу колдонсо болот.
o 1 индикатор – 1 жолу колдонсо болот.
Заряддоочу түзүлүштө (эгер кармагыч ичинде болсо):
- Заряддагычтын капталдагы баскычын басыңыз.
- Индикаторлорду караңыз:
o 2 индикатор – 2 жолу колдонсо болот.
o 1 индикатор – 1 жолу колдонсо болот.
Чөнтөк заряддагычты толук заряддоо үчүн ~135 мүнөт талап кылынат. Кармагыч менен же кармагычсыз заряддоого болот. Кармагычтын биринчи заряддоо цикли 10 мүнөткө чейин созулушу мүмкүн.
Түзмөктү толук заряддоо үчүн кеминде 90 мүнөт талап кылынат. Түзмөктү биринчи колдонуудан мурда толук заряддаңыз.
Убакыт моделге жараша болот:
- ILUMA же ILUMA PRIME: болжол менен 135 мүнөт.
- ILUMA ONE: болжол менен 90 мүнөт.
- Оригиналдуу IQOS кабелдерин жана адаптерлерин гана колдонуңуз.
- Ноутбуктан заряддабаңыз.
- Заряддоодон мурун түзмөктөн жана кабелден чаңды жана калдыктарды тазалаңыз.
- Кармагыч туура орнотулганын текшериңиз.
- Түзмөктү толук заряддаңыз.
Аккумулятор убакыттын өтүшү менен табигый түрдө кубатсыз болушу мүмкүн.
6 мүнөт же 14 тартуу, кайсынысы биринчи келсе.
Колдонулган TEREA стиги тамекинин буусун кайра чыгара албайт. Стикти таштандыларды жок кылуунун жергиликтүү эрежелерине ылайык таштаңыз.
IQOS ILUMAда автостарт иштебей калганда:
1. Түзмөк автоматтык түрдө иштебесе:
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
- Сиз TEREA стиктерин колдоносуз, башкаларды эмес.
- Стик туура тарабы менен киргизилген (логотип алды жагыдан өйдөнү караган).
- Автостарт иштеди.
- Кармагычты өчүрүп-күйгүзүп көрүңүз:
- Аны заряддагыч түзмөккө салыңыз, заряддагычтын баскычын 10 секунд басып туруңуз (индикаторлор өчкөнчө). Баскычты коё бериңиз — индикаторлор эки жолу жанып өчөт.
2. Кармагыч стиксиз өзү жанган убакта:
Төмөнкүлөрдү аткарыңыз:
- Кармагычты заряддап өчүрүп кайра жандырыңыз (жогоруда айтылгандай).
Эгерде кандайдыр бир суроолоруңуз болсо, IQOS колдоо кызматына кайрылсаңыз болот.
Нускама түзмөк менен кошо берилет. Аны расмий веб-сайттагы «IQOS менен биринчи кадамдар» барагынан PDF форматында жүктөп алса болот.
IQOSту тамеки тартууга жана курамында никотин бар продукцияны колдонууга тыюу салынган жерлерде: транспортто, билим берүү жана медициналык мекемелерде, жумуш орундарында ж.б. колдонууга тыюу салынат. Бул эрежелерди бузуу айыпка же башка жазага алып келиши мүмкүн. Ар дайым белгилүү бир жердеги белгилерди жана эрежелерди текшерип, тиешелүү мыйзамдарды сактаңыз.
Сиздин lil түзмөгүңүз
lil SOLID - бул колдонууга жөнөкөй «баары бир түзмөктө» болгон тамеки ысытуучу түзмөк. Ал тамекинин оту, түтүнү, күлү жана жыты жок чыныгы тамекинин даамын берет.
Түзмөктө өзөк сымал ысытуучу элемент колдонулат жана Fiit стиктери менен гана иштейт.*.
* Стиктер – тамеки ысытуу системасы менен колдонууга арналган ысытылуучу тамеки таякчалары.
- Түзмөктү уйку режиминен чыгарып (баскычты 2 секунд кармап туруңуз же заряддагычка туташтырыңыз)
- Капкакты ачып, Fiit стигин тамеки тарабын ылдый кылып, токтогонго чейин орнотуңуз.
- Баскычты 2 секунд титирегенге чейин басып туруңуз.
- ~25 секунд күтө туруңуз – түзмөк колдонууга даяр
- Сеанс 14 тартууга же 5 мүнөткө чейин созулат, кайсынысы мурун келгенине карап.
- Аягына 30 секунд калганда вибрация болот
Бүткөндөн кийин түзмөк автоматтык түрдө өчөт.
Стикти алып салуу үчүн аны бир багытта 3 жолу бураңыз Катары менен 3 сеанска чейин колдонсо болот.
Ысытуу элементи өзөк түрүндө жасалып, керамика менен капталган.
Иштөө диапазону: –20°Cден +58°Cге чейин.
Түзмөктөрдө ар кандай технологиялар колдонулат жана дизайны жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча айырмаланат.
- lil SOLID Ez – ыңгайлуу жана жеткиликтүү чечим
- IQOS ILUMA – аксессуарлардын кеңири ассортименти бар премиум түзмөк
Экөө тең жогорку сапат стандарттарына жооп берет.
Жок, шайкештикти так сактоо маанилүү.
- TEREA стиктери IQOS ILUMA түзмөктөрүнө гана жасалган
- Fiit стиктери lil SOLID Ez үчүн гана жасалган
Шайкеш келбеген стиктерди колдонуу түзмөгүңүзгө зыян келтириши мүмкүн.
Жок. Түзмөк Fiit стиктери менен гана иштейт, сигареттер менен колдонууга болбойт.
Баскычын басыңыз же түзмөктү заряддагычка туташтырыңыз. Индикатордун түсү заряддын деңгээлин көрсөтөт:
- Көк: 100–60%
- Ачык көк: 60–30%
- Сары кызгылт: 30–1%
- Кызыл: заряддоо керек
- Баскычты 8 секунд басып туруңуз
- Индикатор кызыл, кызгылт сары, ачык көк жана көк күйөт
- Аяктагандан кийин - ачык көк сигнал жана кош титирөө болот
Түзмөк өчүп кайра жанды.
Катары менен 3 сессиядан кийин аппарат «муздатуу режимине» өтөт (~3,5 мүнөт). Бул коопсуз иштөө жана ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл.
Эки түзмөк тең USB Type-C кабелин колдонсо да, туура кубаттоо үчүн оригиналдуу адаптерди жана кабелди колдонуу сунушталат.
Тазалоо алдында ар дайым:
- Түзмөктү өчүрүңүз
- Муздаганга чейин күтүңүз
Тазалоо боюнча кадамдар:
- Капкагын алып салыңыз
- Тазалоочу түзмөктүн капкагын ачыңыз (кыргыч – ⊙ белги, щетка – башка тарабы)
- Скреперди салып, акырын айлантыңыз
- Андан кийин щетканы да ушундай жол менен колдонуңуз
Даамын жана түзмөктүн туруктуу иштөөсүн сактоо үчүн Fiit* стиктерин ар бир таңгактан кийин (б.а. 20 сеанстан кийин) тазалоо сунушталат.
* Стиктер – тамеки ысытуу системасы менен колдонууга арналган ысытылуучу тамеки таякчалары.
Жок. Тазалоочу оригиналдуу таякчаларды гана колдонуңуз (топтомдон же IQOSтон). Башка каражаттарды колдонуу ысытуу элементине зыян келтирет.
Жок. IQOS тазалоочу түзмөктөрү lil SOLID үчүн ылайыктуу эмес. Оригиналдуу эмес шаймандарды колдонуу ысытуу элементине зыян келтириши мүмкүн.
Ооба. IQOS тазалоо таякчалары lil SOLID үчүн ылайыктуу жана колдонсо болот.
- lil SOLID Ez туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз тазалоону талап кылат
- IQOS ILUMA SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясынын аркасында тазалоону талап кылбайт
Ошондой эле ар бир таңгак Fiit стигинен кийин термикалык тазалоону жүргүзүү сунушталат (ар бир 20 сеанста).
Мындай төмөнкү себептерден улам болушу мүмкүн:
- Fiit* стигиндеги тамеки өтө каттуу пресстелген
- Ысытуучу элементтин капкагы же негизи кирдеген
- Түзмөк кыска же тез-тез дем тартуу менен колдонулган
- Тамеки стиктин ичинде бирдей эмес бөлүштүрүлгөн
Эмне кылса болот:
- Түзмөгүңүздү тез тез тазалап туруңуз (ар бир стиктин таңгагыдан кийин)
- Стикти алуудан мурун, капкагын көтөрүп андан кийин түшүрүңүз - бул стиктин ичиндеги тамекини тегиздейт
- Колдонуунун алдында стиктин тамеки бөлүгүн манжаларыңыз менен бир аз эзиңиз.
- Тамекинин ысышы үчүн пауза менен жайыраак тартыңыз
Эгерде тамекинин буусу мурунку сеанстарга салыштырмалуу азайса төмөндөгүлөрдү текшериңиз:
- Fiit* стиктерин колдонуп жатасызбы (башка маркалар шайкеш келбейт)
- Стик туура салынганбы: тамеки бөлүгү ылдый караттылганбы, бузулбаган же тескери эмеспи?
- Тартуу жасагандан алдың түзмөктү ~25 секунд алдын ала ысыттыңызбы?
- Ар бир таңгактан (20 стиктен) кийин тез-тез тазалап турасызбы
- Түзмөккө тамекини ысытууга убакыт берүү үчүн дем алуунун ортосунда тыныгуу жасайсызбы?
Ысытуу камерасына суюктук кирбегенин текшериңиз.
- Капкагын алып салыңыз
- Камераны текшерип тазалоо таякчалары менен акырын сүртүңүз
Түзмөк кургаганча күтүңүз
lil SOLID Ez – жөнөкөй жана жеткиликтүү түзмөк болуп саналат.
IQOS ILUMA көбүрөөк опцияларды жана аксессуарларды сунуштайт, ошондуктан колдонуучулар кеңейтилген кызматтарга жана программаларга мүмкүнчүлүк алышат.
lil SOLID:
- Формат «Баары бирине камтылган»
- Колдонууга жөнөкөй жана практикалык
IQOS ILUMA:
- Заманбап дизайн
- Автостарт жана акылдуу функциялар
- Тамекинин калдыктары жок жана тазалоонун кереги жок
- Мизинин сынуу коркунучу жок ишенимдүү
- Стиктерди оңой жана интуитивдик колдонуу
- Жакшыртылган каныккан дем тартуу
- Жекелештирүү үчүн даамдардын жана аксессуарлардын кеңири тандоосу
Алдыңкы моделдер
IQOS ILUMA – SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясынын жардамы менен мизсиз бычаксыз иштеген жаңы муундагы түзмөк.
Негизги айырмачылыктар:
- TEREA стиктери мизге тийбестен, индукция жолу менен ысытылат
- Түзмөк тазалоону талап кылбайт
- Стикти ыңгайлуу жол менен алып салуу – капкакты жылдырбастан
- IQOS ILUMA PRIME жана IQOS ILUMA түзмөктөрүндө стикти салганда автоматтык түрдө ысытуу башталат
- IQOS 3 DUO менен салыштырганда бышыгыраак жана жыты азыраак (керектөөчүлөрдүн пикири боюнча).
IQOS 3 DUO резистивдик ысытуу технологиясын колдонуп, HEETS стиктери менен гана иштейт.
- Кармагычты кубаттоочу түзмөккө салыңыз.
- Баскычты жарык индикаторлор пайда болгонго чейин 4 секунд басып туруңуз.
- IQOSтун оригиналдуу кабели менен адаптерин колдонуңуз.
- Кубаттоо башталат — индикаторлор күйүп өчүп турат.
- Толук кубатталганга чейин күтүңүз (бардык индикаторлор күйүп турат).
Ноутбуктардагы кубаттагычтарды колдонуу сунушталбайт. Заряддоо алдында контакттарды тазалоо керек.
- IQOS ORIGINALS DUO — болжол менен 1 саат 45 мүнөт.
- IQOS ORIGINALS ONE — 90 мүнөткө чейин.
- Убакыт колдонуу шарттарына, температурага жана батарейканын абалына жараша болот.
Жандыруу баскычын басып, андан кийин коё бериңиз:
- 1 ак индикатор = 25%
- 2 ак = 50%
- 3 ак = 75%
- 4 ак = 100%
- Жанып өчкөн сары индикатор = кубаттоо керек.
- Кармагычты кубаттоочу түзмөккө салыңыз.
- Баскычты басып, индикаторлорду текшериңиз.
- IQOS 3түн оригиналдуу кабели менен адаптерин колдонуңуз.
- Өчүрүүдөн мурун толук кубатталганын күтүңүз.
Түзмөктү ноутбук же оригиналдуу эмес адаптер менен кубаттоого болбойт. Заряддоодон мурун контактарды тазалоо заряддоо процессин жакшыртат.
- IQOS 3 DUO™ — болжол менен 1 саат 45 мүнөт.
Чыныгы убакыт колдонуу шарттарына жараша болот.
Баскычты басып, андан кийин коё бериңиз:
- 1 ак индикатор = 25%
- 2 ак = 50%
- 3 ак = 75%
- 4 ак = 100%
- Жанып өчкөн сары индикатор = заряды аз калган.
- Кармагычты заряддагычка салыңыз
- Индикаторлор өчкөнчө баскычты 10 секунд басып туруңуз
- Баскычты коё бериңиз — индикаторлор 3 жолу жанып өчөт. Бул ийгиликтүү калыбына келтирилгенин тастыктайт.
- Баскычты 10 секунд басып туруңуз
- Индикаторлор өчүп, кайра күйөт. Бул калыбына келтирүү ийгиликтүү аткарылганын билдирет.
Келиңиз сүйлөшөлү
Издегениңизди таба алган жоксузбу?
Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз
Иш убактысы
- Дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин 10:00дөн 22:00гө чейин