IQOS ORIGINALS DUO менен алгачкы кадамдар

IQOS ORIGINALS DUO менен алгачкы кадамдар

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн колдонууну кантип баштоо керектиги тууралуу билип алыңыз: аны
 туура колдонуу, батареясын кубаттоо жана тазалоо жолдору, ошондой эле башка пайдалуу кеңештер жана сунуштар.


IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн колдонууну кантип баштоо керектиги тууралуу билип алыңыз: аны
 туура колдонуу, батареясын кубаттоо жана тазалоо жолдору, ошондой эле башка пайдалуу кеңештер жана сунуштар.

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүңүз менен таанышыңыз.

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүнүн негизги функциялары менен таанышуу үчүн төмөндө берилген көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

  1. IQOS ORIGINALS түзмөгүнүн кармоочу бөлүгүн кубаттоо түзмөгүнүн ичине жайгаштырыңыз
  2. Түзмөктү ЖАНДЫРУУ же ӨЧҮРҮҮ үчүн кубаттоо түзмөгүндөгү баскычты 4 секунд кармап туруңуз. Эсиңизде болсун: кубаттоо түзмөгүн өчүрүү менен кармагыч да өчөт.
  3. Кубаттоо түзмөгүндөгү баскычты басып, андан соң коё бериңиз
         
    3.1. Кубаттоо түзмөгүнүн жарык индикаторлору аркылуу анын кубатталган деңгээлин текшерсеңиз болот.
         а) Индикатордун төрт толук тилкеси кубаттоо түзмөгүнүн кубаты 75%дан жогору экенин билдирет. 
    3.2. «Кармагычтын абалын аныктоо үчүн кубаттоо түзмөгүндөгү тегерек жарык индикаторлорду текшериңиз.
         a) Ак түстө күйүп-өчүп жаткан индикатор кармагычтын кубатталып жаткандыгын билдирет.
         б) Эгер эки тегерек индикатор кызыл түстө күйүп турса, анда кармагычты кубаттоосуз эки жолу колдонсо болот.
  4. Кармагычты толук кубатталганга чейин кубаттоо түзмөгүндө калтырыңыз.
  5. IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүңүздүн негизги функциялары менен тааныштыңыз, эми аны колдонууга толук даяр болосуз!

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн кантип колдонуу керек

IQOS ORIGINALS DUO: колдонууга киришүү

  1. Толук кубатталган IQOS ORIGINALS DUO кармагычын кубаттоо түзмөгүнөн алыңыз.
  2. Ысытылуучу тамеки таякчасын (стигин) этияттык менен кармагычтын ичине жайгаштырыңыз. Алгач таякты учун күмүш сызыкка чейин киргизиңиз. Кармагычтын капкагын тартпаңыз жана таякты бурабаңыз.
  3. Кармагычтагы баскычты басып, түзмөк титирегенче жана индикаторлордо ак түс күйгөнгө чейин күтүңүз. Эми кармагыч эки жолу титирегенче жана индикаторлор күйүп-өчпөй, туруктуу ак түстө күйгөнгө чейин күтүңүз. 
  4. Колдонууну баштасаңыз болот! Эсиңизде болсун, бир жолку колдонууда алты мүнөткө чейинки убакытта болжол менен 14 жолу тартканга болот. Колдонуу мөөнөтү аяктаганына эки тартым же 30 секунд калганда, кармагыч титиреп, индикаторлор күйүп-өчүп баштайт .
  5. Акырында, кармагычтын капкагын ачып, таякты чыгарыңыз. Адегенде кармагычтын капкагын көтөрүүнү унутпаңыз. 
  6. Капкагын жабыңыз. Кубат деңгээлин текшерүү үчүн кармагычтагы баскычты басып, кое бериңиз: эгерде бир жарык күйсө, анда кармагычты дагы бир жолу колдонсо болот; эгерде жарыктар күйбөсө, анда ттүзмөк кубаттоону талап кылат. 
  7.  IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн кантип колдонуу тууралуу кененирээк билүү үчүн видео нускаманы көрүңүз.

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн кантип кубаттоо керек

Толук кубатталган IQOS ORIGINALS DUO түзмөгү 20 колдонуу циклине жетет.

  1. IQOS ORIGINALS DUO кармагычын кубаттоо түзмөгүнүн ичине жайгаштырыңыз. 
  2. Кубаттоо түзмөгүнүн баскычын басып, коё бериңиз жана индикатор тилкелеринин жардамы менен кубат деңгээлин текшериңиз. Эгерде кубаттоо түзмөгүндө бир гана индикатор күйүп турса, анда кубаттоо деңгээли өтө төмөн.
  3. IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн кубаттоо үчүн оригинал адаптер жана зымды колдонуп, кубаттоо түзмөгүн электр тогуна туташыңыз.  Кубаттоо учурунда кубаттоо түзмөгүндөгү индикатор тилкелери күйүп-өчүп турат.
  4. IQOS ORIGINALS DUO'го тиешелүү оригиналдуу адаптер менен зымды гана колдонуу керек экенин унутпаңыз. Түзмөктү оригиналдуу эмес кабель же адаптер менен же ноутбуктан кубаттабагыла — бул анын иштешине терс таасир тийгизиши мүмкүн.
  5. Кармагычты 20 цикл бою колдонуу үчүн кубаттоо түзмөгү толук кубатталышы керек.
  6. IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн кантип туура кубаттоо керектигин толук түшүнүү үчүн видео көрсөтмө менен таанышып чыгыңыз.

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн кантип тазалоо керек

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүңүздү максималдуу ыңгайлуу колдонуу үчүн тазалыгын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруңуз.

  1. Тазалоону баштоодон мурун, IQOS ORIGINALS DUO кармагычы толук муздаганын күтүңүз (соңку колдонуудан кийин кеминде 30 секунд).
  2. Кармагычтын капкагын ачып, ичиндеги тамеки калдыктарын этияттык менен төгүңүз.
  3. Тазалоочу шаймандын айлануучу башын ачыңыз жана аны бурабастан жайгаштырыңыз. Үч жолу этияттык менен айландырыңыз. Бурабастан чыгарыңыз. Калдыктарды толук чыгаруу үчүн кармагычты дагы бир жолу акырын уруңуз.
  4. Тазалоочу шаймандын щёткасын ачып, аны кармагыч менен ысытуучу бычакка тууралаңыз. Бурабастан жайгаштырыңыз. Бычактын тегерегиндеги калдыктарды кетирүү үчүн щётканы солдон оңго карай жылдырыңыз. Калдыктарды толук чыгаруу үчүн кармагычты дагы бир жолу акырын уруңуз.
  5. Тазалоочу таякчаларды колдонуп, ысытуучу бычакка тийбестен, кармагычтын ички беттерин тазалаңыз. Ошондой эле, кармагычтын капкагынын ичин төмөндөн жогору карай сүртүңүз. 
  6. Ашыкча күч колдонбоңуз жана ысытуучу бычакка тийбеңиз. Этиятсыз мамиле ысытуучу элементтин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
  7. Түзмөктү ар бир куту стикти колдонуудан кийин тазалап туруу сунушталат.
  8. IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн кантип тазалоо керектиги тууралуу кененирээк билүү үчүн видео нускаманы көрүңүз.

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүн колдонуу боюнча кеңештер

Байланыштарды тазалаңыз.

IQOS ORIGINALS DUO кармагычы менен кубаттоо түзмөгү арасындагы байланыштарды таза кармоо үчүн тазалоочу таякчаларды дайыма колдонуңуз. Бул кармагычтын кубаттоо ылдамдыгын жогорулатат.

Капкакты дайыма тазалап туруңуз.

IQOS ORIGINALS DUO кармагычынын калпагын ар жарым жылда бир жолу жаңылап турууну сунуштайбыз. Бул тамеки ысытуу системасын эң ыңгайлуу пайдаланууга шарт түзөт.

Программалык камсыздоону жаңылоо.

IQOS ORIGINALS DUO түзмөгүңүздөгү программалык камсыздоону үзгүлтүксүз жаңылап туруңуз. Программалык камсыздоону үзгүлтүксүз жаңылоо түзмөктүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, пайдалануу таасирин жакшыртат.

Мындан сырткары.

Кошумча пайдалуу маалыматтарды IQOS ORIGINALS DUO колдонмо нускамасынан таба аласыз.

IQOS ORIGINALS DUO колдонмо нускамасы түзмөктүн кандай иштээрин жана аны кантип колдонуу керектигин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

IQOS ORIGINALS DUO колдонмо нускамасын жүктөп алыңыз

Биз бир нерсени унутуп калдыкпы?

Сиз биз менен бир нече жолдор менен байланышсаңыз болот.

Биздин онлайн-чатыбызга кош келиңиздер

Биздин кардарларды колдоо кызматы менен реалдуу убакыт режиминде байланышыңыз. Биз 10:00дөн 22:00гө чейин күн сайын иштейбиз

Келиңиз сүйлөшөлү

Facebook

Биз социалдык тармактарда баарлашууга ачыкпыз, ошондуктан биз менен байланышуудан тартынбаңыз, биз сөзсүз түрдө сизге жооп беребиз.

Биздин Facebook баракчабыз

Бизге директке жазыңыз 

Бул жерден сиз акыркы жаңылыктарды таба аласыз, ал эми биз дайыма расмий Instagram баракчабызда бардык суроолоруңузга жооп берүүгө кубанычтабыз.

Биздин Instagram баракчабыз

Бизге электрондук кат жөнөтүңүз

Бизге жазыңыз. Сиздин сурооңуз көңүл сыртында калбайт.

Биз сизге бир күндүн ичинде жооп берүүгө аракет кылабыз. 

Биз менен электрондук почта аркылуу байланышыңыз

Маанилүүсүз суроолор болбойт

Сиздин сурооңуз мурда берилген болушу мүмкүн. Жооп табуу үчүн “Көп берилүүчү суроолор” бөлүмүнө өтүңүз.

Биздин “Көп берилүүчү суроолор” бөлүмүн караңыз

Бизге чалыңыз

Тынымсыз байланыштын адистери сизди Кардарларды колдоо кызматы менен байланыштырат. Биз 10:00дөн 22:00гө чейин күн сайын иштейбиз.

Биз менен байланышуу