lil SOLID түзмөгүн колдонуу
Адегенде, капкагын ачып, тамеки таякчасын тамеки жагы менен түзмөккө салыңыз. 2 секунд басып туруңуз, титирейт - бул түзмөк иштей баштаганын билдирет. Түзмөк 25 секунданын ичинде ысыйт. Алдын ала ысытуу процесси аяктап баратканда, жарык күйүп, кайра титирейт — бул түзмөк колдонууга даяр экендигин билдирет. Колдонуу мөөнөтү 5 мүнөткө же 14 жолу тартканга жетет. Түзмөк титирейт, жарык күйүп-өчөт, бул 3 жолу тартканга же 30 секундка жете турган убакыт калганын билдирет Тамеки таякчасын бир багытта 3төн көп ирет тегеретип, ысытылган таякчаны алып, капкагын жабыңыз.
lil SOLID түзмөгүн кубаттоо
Батареянын кубатын көзөмөлдөө абдан жөнөкөй. Түзмөк кубатталып жаткан учурунда абалды көрсөтүүчү жарык индикатору күйүп-өчүп турат. Толук кубатталып бүткөндө индикатор жарыгы өчөт. Эгер жарык көк түстө болсо, батареянын кубатынын деңгээли 100-60% түзөт. Эгер жарык ачык көк түстө болсо, батареянын кубатынын деңгээли 60-30% — кубаты бар экендигин билдирет. Ал эми кызгылт сары түстө болсо, батареянын кубаттуулугу 30-1%, түзмөктү кубаттоо керек. Эгерде түзмөктүн абал индикатору кызыл түстө күйсө, бул аккумулятордун кубаты түгөнгөнүн билдирет — аны кубаттоо талап кылынат.
lil SOLID түзмөгүн тазалоо
Бул аракетти аткаруудан мурун түзмөктү ар дайым өчүрүп коюңуз.
- Кош тазалоочу шаймандын ичинен тазалагычты ачып алыңыз.
- Түзмөктүн капкагын алыңыз.
- Ысытуучу таякчаны тазалоо үчүн тазалоочу кагазды колдонуңуз.
- Кош ысытуучу түзүлүштүн тазалагыч щёткасын ачыңыз.
- Ички бөлүгүн тазалоо үчүн тазалоочу щётканы колдонуңуз
Натыйжалуу жыйынтыкка жетүү үчүн, ар 20 жолу колдонгондон кийин тазалоо сунушталат. Ошондой эле ысытуу жолу менен да тазаласаңыз болот. Баштоо баскычын тездик менен 5 жолу басыңыз. Жарык диод индикатору 90 секунд бою кызгылт-сары түстө күйүп-өчүп турат. Тазалоо аяктаганда жарык өчүп, эки эсе титирейт.
Биз бир нерсени унутуп калдыкпы?
Сиз биз менен бир нече жолдор менен байланышсаңыз болот.
Биздин онлайн-чатыбызга кош келиңиздер
Биздин кардарларды колдоо кызматы менен реалдуу убакыт режиминде байланышыңыз. Биз 10:00дөн 22:00гө чейин күн сайын иштейбиз
Биз социалдык тармактарда баарлашууга ачыкпыз, ошондуктан биз менен байланышуудан тартынбаңыз, биз сөзсүз түрдө сизге жооп беребиз.
Бизге директке жазыңыз
Бул жерден сиз акыркы жаңылыктарды таба аласыз, ал эми биз дайыма расмий Instagram баракчабызда бардык суроолоруңузга жооп берүүгө кубанычтабыз.
Бизге электрондук кат жөнөтүңүз
Бизге жазыңыз. Сиздин сурооңуз көңүл сыртында калбайт.
Биз сизге бир күндүн ичинде жооп берүүгө аракет кылабыз.
Маанилүүсүз суроолор болбойт
Сиздин сурооңуз мурда берилген болушу мүмкүн. Жооп табуу үчүн “Көп берилүүчү суроолор” бөлүмүнө өтүңүз.
Бизге чалыңыз
Тынымсыз байланыштын адистери сизди Кардарларды колдоо кызматы менен байланыштырат. Биз 10:00дөн 22:00гө чейин күн сайын иштейбиз.