IQOS тамеки ысытуу системаларынын пайда болуу тарыхы
Көпчүлүк адамдар «Филип Моррис Интернэшнл» дегенди укканда тамеки чыгарган компанияны же сигарет өндүрүүчүнү элестетет. Бирок, акыркы он жылдын ичинде биз кадимки чектерден алда канча ашып кеттик жана салттуу сигареттерди мүмкүн болушунча тез арада түтүнсүз продукцияга алмаштырууну максат кылып койдук.
Албетте, эң жакшы вариант – тамекини колдонуунун кандай гана түрү болбосун таштоо же такыр тамеки тартууну баштабоо. Бирок, эгерде сиз тамекини таштоону каалабасаңыз, анда никотин камтыган өнүмдөрдүн ортосундагы айырмачылыктарды түшүнүү сиз үчүн пайдалуу болот. Биз IQOS түтүнсүз өнүмдөрү жашы жеткен керектөөчүлөр үчүн эң жакшы альтернатива экенине бекем ишенебиз. Ошондуктан биз тынымсыз өнүгүп, түтүнсүз келечекке умтулуп жатабыз.
Тамеки ысытуу системаларын иштеп чыгуу кантип башталган?
Тамеки ысытуу системалары бир нече ондогон жылдар мурун иштелип чыга баштаган. Тамекини күйгүзүүнүн ордуна аны ысытуу идеясы 1980-жылдары пайда болгон, бирок тамеки ысытуу системасын иштеп чыккан биринчи компаниялар жашы жеткен керектөөчүлөргө татыктуу альтернатива сунуштай алышкан эмес.
IQOS брендинин тарыхы кайдан башталган?
Дүйнөдө миллиарддан ашык жашы жеткен тамеки колдонуучулары бар жана биз, “Филипп Моррис Интернешнл” компаниясы, аларга тамеки чегүүгө жакшыраак альтернатива сунуштоого умтулабыз. Дал ушул идея менен IQOS тамеки ысытуу системасынын тарыхы башталган.
Биринчи IQOS инновациялык түтүнсүз продукциясы 2014-жылы Японияда жана Италияда чыгарылган.
IQOSтун өнүгүүсү 2008-жылы “Филип Моррис Интернешнл” компаниясы биринчи жолу салттуу сигареттерге альтернатива издей баштаганда башталган. Бүгүнкү күндүн натыйжасы — бул көп жылдык тынымсыз эмгек, ал зор илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар менен бекемделген.
IQOS түтүнсүз өнүмдөрдүн портфелинин бир бөлүгү болуп саналат, ага компания 10 жылдан ашык изилдөө жана иштеп чыгуу жана 8 миллиард АКШ долларын инвестициялаган. Ал эми түтүнсүз продукцияны иштеп чыгууга жана баалоого 500дөн ашык окумуштуулар жана инженерлер катышууда.
Дүйнө жүзү боюнча 20.8 миллиондон ашык жашы жеткендер сигареттен баш тартып IQOS системасына өтүштү*. Бул бекеринен эмес, анткени башка учурда тамеки тартууну же никотинди камтыган башка продуктуларды колдонууну уланта турган чоң кишилердин IQOSту тандап алуусунун көптөгөн себептери бар. IQOSтун тамекини ысытуучу системасы күйүүсүз, күлсүз жана сигарет түтүнүнүн жыты жок чыныгы тамекинин даамын ачып берет. IQOS сигаретке караганда зыяндуу заттарды 95%га азыраак чыгарат**.
*2024-жылдын февраль айына карата маалыматтар ФМИ финансылык отчетторуна (Россия менен Украинаны кошпогондо), IQOS колдонуучуларынын сурамжылоолоруна жана ФМИ рыноктук анализине негизделген. Сигареттен толугу менен баш тарткан IQOS колдонуучулары, алар үчүн ФМИ ысытылуучу тамеки стиктерин керектөө акыркы 7 күндүн ичинде бардык ысытылуучу тамеки керектөөнүн 70%дан кем эмести түзөт.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: бул сөзсүз түрдө тобокелдик 95%га азаят дегенди билдирбейт. IQOS зыянсыз деп саналбайт .
**«95%га аз» – бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, никотинди кошпогондо, сигарет түтүнүндө азайтууну сунуш кылган 9 зыяндуу заттардын деңгээлинин орточо төмөндөөсү. “Маанилүү маалымат” бөлүмүн iqos.com/kg сайтында караңыз.
Жаңы IQOS ILUMA түзмөктөрү - бул SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ инновациялык тамеки ысытуу технологиясы менен IQOS линейкасындагы эң өнүккөн түзүлүштөрү болуп саналат. Сиз үч түзмөктүн бирин тандасаңыз болот: IQOS ILUMA PRIME, IQOS ILUMA , IQOS ILUMA ONE. Биздин бардык тамеки ысытуу системаларын Бишкектеги расмий IQOS дүкөндөрүнөн сатып алууга болот. Расмий IQOS дүкөндөрүнүн бардык даректерин бул жерден тапса болот (https://www.iqos.com/kg/ru/adresa-magazinov.html).