IQOS ILUMA i жаңы түзмөктөрүндөгү «Тыныгуу*» функциясы эмнени билдирет?

Ыңгайлуулук жана эркиндик 

Буга чейин сессиянын кандай гана үзгүлтүккө учурашы болбосун, стиктти** ыргытып жиберүүгө туура келчү. Эми бул мындан ары андай эмес. Тыным режими колдонуу процессин 8 мүнөткө чейин убактылуу токтотуп, андан кийин кайра улантууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, эшикке барып келүү, чалууга жооп берүү же жөн гана кыскача токтоп туруу керек болсо – учурдагы сессияны сактап калуу үчүн сенсордук экранды ылдый карай манжаңыз менен жылдырсаңыз жетиштүү.

Тыныгуу – бул практикалуулук гана эмес, ошондой эле түзмөктүн иштешин сиздин өз ыргагыңызга ылайыктап жөндөөгө мүмкүнчүлүк берет.

«Тыныгуу» функциясын кадам-кадам колдону 

1. Активдештирүү
Режимди күйгүзүү үчүн сенсордук экран боюнча манжаңызды жогору тараптан ылдый карай сүрүңүз. Түзмөк жеңил титирейт – бул сессия тынымга коюлганын билдирет.

2. Кайра саноо
Дисплейде сааттын циферблатына окшош жарык элементтери пайда болуп, убакытты эсептей баштайт – «12 саат» абалынан тартып саат жебесине каршы багытта. 

3. Колдонууну кайра улантуу
Эгер сиз сессияны 3 мүнөттүн ичинде улантсаңыз, экран боюнча манжаңызды ылдыйдан жогору карай сүрүңүз. Жеңил титирөө түзмөктүн кайра колдонууга даяр экенин тастыктайт. 

Ал эми тыным 8 мүнөттөн ашса, сессия автоматтык түрдө аяктайт.

Иштөөнүн кошумча өзгөчөлүктөрү

  • Тыныгуу режими өндүрүмдүүлүк режиминде гана активдүү болот жана сессиянын алгачкы 3 мүнөтүндө же 8 тартууда жеткиликтүү.
  • Сессия улантылгандан кийин алдын ала ысытуу болжол менен 20 секундду алат –экранда бул жабылып жаткан жарык шакекче түрүндө көрсөтүлөт.
  • Режим толук эмес сессияларда да жеткиликтүү – негизгиси, алгачкы 3 мүнөттүн же 8 тартуунун чегинде болуу.

Эгер «Тыныгуу» функциясы иштебей жатса, диагностика бөлүмүнө кайрылууну сунуштайбыз. 

Түзмөктүн кошумча функциялары

Инновациялар муну менен токтоп калбайт. IQOS ILUMA i ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • FlexPuff*** – 4кө чейин кошумча тартуу алуу мүмкүнчүлүгү;
  • FlexBattery – бул кармагычтын зарядын дагы натыйжалуу жана туура пайдаланууга мүмкүндүк берген технология.

Бул эки функция тең жагымдуу көз ирмемдериңизди узартууга жана IQOS ILUMA i түзмөгүн колдонууну дагы да ыңгайлуу кылууга багытталган****.

Ответы и поддержка 
Эгер сизде суроолор жаралса, төмөнкүлөрдү кыла аласыз:

Тыныгуу – бул жөн гана функция эмес. Бул өзүңүз үчүн ыңгайлуу учурду тандоо мүмкүнчүлүгү. Токтоп, көңүлдү топтоп же алаксыгыңыз келген учурларда –IQOS ILUMA i түзмөгүндөгү «Тыныгуу» режими дал ушул үчүн иштелип чыккан. IQOS ILUMA i – сиздин ыргагыңызга ыңгайлашкан түзмөк.

*Тыныгуу режими өндүрүмдүүлүк режиминде гана жеткиликтүү болуп, сессиянын алгачкы 3 мүнөтүндө же 8 тартуусунда иштейт.
** Стик – ысытуу жолу менен колдонулуучу тамеки таякчасы.
*** FlexPuff функциясы тамеки стиктери менен колдонуу үчүн арналган. Тартуулардын саны жана алардын активдешүүсү колдонуудагы жеке өзгөчөлүктөргө жараша болот, ошондуктан кошумча тартуулар 18 жашка толгон бардык тамеки колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болбошу мүмкүн. FlexPuff функциясы «Тыныгуу» режими колдонулганда активдешпейт.
**** IQOS’тун мурунку моделдери менен салыштырганда.

Коомдук офертанын алкагында.

Бул макала жалпы таанышуу жана билим берүү максатында арналган. Макалада келтирилген айрым маалыматтар тышкы, үчүнчү тарап булактарына негизделген, жана биз мындай маалыматтын тактыгы, ишенимдүүлүгү же толуктугу боюнча эч кандай билдирүү же кепилдик бербейбиз.