Түтүнсүз альтернатива Кыргызстанда: фактылар мифтерге каршы
Кыргызстанда түтүсүз продуктыларга болгон кызыгуу өсүүдө. Ошол менен бирге жаңылыштыктар да пайда болот. Төмөндө – тамекини ысытуучу системалар жөнүндө чындап билүү керек болгон нерселердин кыскача талдоосу.
Түтүнсуз альтернатива деген эмне жана анын мааниси эмнеде?
Сигареттердин ордуна түтүнсуз альтернатива – бул оттун күйүү процесси жок, тамеки же атайын суюктуктарды ысыткан түзүлүштөр (электрондук тамеки же вейп). Демейки сигареттерден айырмаланып, мындай түзүлүштөр түтүн чыгарбайт, демек, колдонуу учурунда зыяндуу химиялык заттар, мисалы, чайырлар, ис газы жана канцерогендер аз бөлүнөт.
Эске алуу керек: тамекини ысытуучу системалар коопсуз эмес. Алардын курамында көз карандылыкты пайда кылган никотин бар. Бирок сигареттен толук баш тартууну пландабаган адамдар үчүн бул тамеки тартканга салыштырмалуу азыраак зыяндуу альтернатива болушу мүмкүн.
Бирок эң коопсуз чечим — бул тамекиден жана никотинден толугу менен баш тартуу.
Эмне үчүн ысытуу тамеки тартуу менен бирдей эмес
Тамеки күйгөндө 6000ден ашык химиялык заттарды камтыган түтүн пайда болот, алардын 100гө жакыны уулуу жана тамеки чегүү менен байланышкан оорулар менен түздөн-түз байланышта.
Тамеки ысытуу системалары – IQOS ILUMA PRIME, IQOS ILUMA ONE жана IQOS ILUMA, башкача иштейт: аларда тамеки ысытылат бирок күйбөйт. Бул зыяндуу заттардын көлөмүн бир кыйла азайтат жана чыныгы тамекинин даамын түтүнсүз, күлсүз жана жытсыз сактоого мүмкүндүк берет.
Технологиялар жана илимий маалыматтар жөнүндө кененирээк — «IQOS ILUMA тууралуу билүү» жана «Илим негиз катары» бөлүмдөрүндө. Жакынкы расмий IQOS дүкөнүн «Дүкөн табуу» бөлүмүнөн таба аласыз.
Электрондук сигареттер* жөнүндө эмнени билүү маанилүү
Электрондук сигареттер - бул атайын суюктуктарды ароматизаторлор менен бууландыруучу түзүлүш. Натыйжада түтүн эмес, буу чыгат.
2025-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанга электрондук сигареттерди алып кирүүгө жана колдонууга тыюу салынат.
Тамеки ысытуу системалары жөнүндө мифтер
Миф 1: Бул толугу менен зыянсыз
Чындык эмес. Тамеки ысытуу системалары зыянсыз эмес жана көз карандылыкты пайда кылган никотинди камтыйт. Бирок мындай түзмөктөр тамекини күйгүзбөйт жана бул сигаретке салыштырмалуу зыяндуу заттардын көлөмүн азайтышы мүмкүн.
Миф 2: Мындай түзмөктөрдүн стиктеринде никотин жок
Чындык эмес. Бардык тамеки ысытуу системаларында көз карандылыкты пайда кылган никотин бар.
Миф 3: Алар тамекини таштагысы келгендер үчүн гана.
Чындык эмес. Бул продукциялар никотинден баш тартууга даяр эмес, бирок сигаретке азыраак зыяндуу альтернатива издеген жашы жеткендер үчүн ылайыктуу болушу мүмкүн.
Миф 4: Түтүн жок болгондуктан каалаган жерде колдонсо болот
Түзмөк түтүн чыгарбаса да, коомдук жайларда белгиленген эрежелерди жана чектөөлөрдү сактоо маанилүү. Бирок үйдө же жеке жайыңызда аны өзүңүзгө ыңгайлуу режимде колдоно аласыз.
Миф 5: Бул тамеки тартуу маселесин чечүү болуп саналат
Тамеки ысытуу системалары – никотинди таштоонун бир жолу эмес. Бул колдонуунун башка түрдөгү формасы. Тамекиден толук баш тартуу эң жакшы чечим болуп саналат.
Жыйынтыктап айтканда:
Кыргызстандагы түтүнсүз альтернативалар универсалдуу чечим болбосо да, толук чегүүдөн баш тартууга даяр эмес жашы жеткен колдонуучулар үчүн аз зыяндуу тандоо болуп калышы мүмкүн. Негизи – айырмачылыктарды түшүнүп, маалымдалган чечим кабыл алуу маанилүү.
*Электрондук сигареттер – тартууга арналган аэрозолду өндүрүү үчүн никотинди камтыган суюктукту (картридждерде, резервуарларда жана электрондук сигареттерде колдонуу үчүн башка контейнерлерде) ысытуу үчүн электрондук технологияны колдонгон тамекисиз продукция.