Түтүнсүз түзмөктөрдү салыштыруу: IQOS ILUMA жана электрондук сигареттер
Салттуу сигареттерге түтүнсүз альтернативалар барган сайын популярдуу болуп баратат – өзгөчө Кыргызстанда электрондук сигареттерди* импорттоого жана колдонууга тыюу салынган убакта. Бирок кайсынысы артыгыраак? Электрондук сигареттер менен тамекини ысытуучу системалар көп учурда бирдей деп кабыл алынат, бирок алардын ортосунда принципиалдуу айырмачылыктар бар. Жөнөкөй сөз менен айтканда, айырмасы төмөнкүчө:
Электрондук сигареттер деген эмне?
Электрондук сигареттер — бул атайын даам берүүчү, кээде никотин камтыган суюктукты бууланткан түзмөктөр. 100–250°C температурада суюктук резервуардан аэрозолго (айрым учурда «буу» деп аталат) айланып, мундштук аркылуу тартылат. Белгилей кетчү нерсе, мындай түзмөктөрдө тамеки жок - суюктук гана колдонулат.
Манилүү маалымат: 2025-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанга электрондук сигареттерди алып кирүүгө жана колдонууга тыюу салынат.
Тамеки ысытуучу түзмөктөр деген эмне?
IQOS ILUMA - бул Philip Morris International компаниясы тарабынан түзүлгөн инновациялык тамеки ысытуу түзмөгү.
Кадимки сигареттерден айырмаланып, IQOS ILUMA тамекини күйгүзбөй, ысытат, андыктан күл же түтүн жөнүндө кабатыр болбоңуз.
Уникалдуу SMARTCORE INDUCTION SYSTEM™ технологиясы башкача иштейт: TEREA™ тамеки стигинин** ичинде тамекини бир калыпта ысыткан жука металл пластина бар. Сиз чыныгы тамекинин канааттануусун жана даамын аласыз, бирок күйүү процессисиз жана ис газы пайда болбостон.
IQOS ILUMA менен электрондук сигареттердин ортосунда кандай айырма бар?
IQOS ILUMA да электрондук сигареттер да кадимки сигарет тартууга түтүнсүз альтернатива болуп саналат, бирок алар башкача иштейт.
IQOS ILUMA тамекини TEREA™ стиктеринде** ысытып, күйүүнүн алдын алат. Электрондук сигареттер никотинди камтышы мүмкүн болгон жыпар жыттуу суюктуктарды бууландырат.
IQOS ILUMA тамекини күйгүзбөй ысыткандыктан, сигаретке караганда 95%га аз зыяндуу заттары*** менен чыныгы тамекинин даамын тарта аласыз.
Көбүрөөк маалымат – «IQOS жөнүндө билүү» бөлүмүндө.
Кайдан сатып алса болот?
IQOS ILUMA түзмөктөрү жана TEREA™ тамеки стиктери** бардык расмий IQOS дүкөндөрүндө бар – даректерди www.iqos.com/kg расмий веб-сайтындагы «Дүкөндү табуу» бөлүмүнөн тапса болот.
Корутунду
Тамеки жана никотинди толугу менен токтотуу эң жакшы чечим болуп саналат.
Бирок, эгер сиз тамекини таштоого даяр эмес болсоңуз, зыяны аз альтернативаны, мисалы, сигаретке караганда зыяндуу заттарды азыраак бөлүп чыгарган IQOS ILUMA альтернативасын карап көрсөңүз болот. Тандоого аң-сезимдүү жана таразалап мамиле кылуу маанилүү.
*Электрондук сигареттер – тартууга арналган аэрозолду өндүрүү үчүн никотинди камтыган суюктукту (картридждерде, резервуарларда жана электрондук сигареттерде колдонуу үчүн башка контейнерлерде) ысытуу үчүн электрондук технологияны колдонгон тамекисиз продукция.
**Стик – ысытылуучу тамеки таякчасы.
***95%га аз – бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, никотинди кошпогондо, сигарет түтүнүндө азайтууну сунуш кылган 9 зыяндуу заттардын деңгээлинин орточо төмөндөөсү (никотин эске алынбайт). Кененирээк маалымат «Маанилүү маалымат» бөлүмүндө.