Пассивдүү тамеки тартуу деген эмне? Бул зыяндуубу?
Пассивдүү тамеки тартуу тамеки тартпаган адам тамекинин түтүнүн, мисалы, сигареттин түтүнүн дем алганда пайда болот.
Пассивдүү тамеки тартуу-сигареттин күйгөн учунан (же башка тамеки продуктусунан) пайда болгон түтүн менен тамеки чеккендер чыгарган түтүндүн айкалышы. Саламаттыкты сактоо органдары тамекинин күйгөн түтүнү тамеки тартпагандарда өпкө рагы жана жүрөк оорулары, ошондой эле балдарда астма, респиратордук инфекциялар, жөтөл, ышкырык, отит (орто кулак инфекциясы) жана ымыркайлардын күтүлбөгөн өлүм синдрому сыяктуу ооруларды пайда кылат деген жыйынтыкка келишкен. Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо адистери пасиивдүү тамеки тартуу астманы оорлотуп, көздү, тамакты жана мурунду кыжырдантат деп эсептешет. Адамдар бул корутундулар жөнүндө кабардар болушу керек жана аларды тамеки түтүнү бар жерлерде болууну чечүүдө же эгерде алар тамеки тартса, башкалардын жанында качан жана кайда тамеки тартууну тандоодо жетекчилик катары колдонушу керек. Тамеки чеккендерге балдардын жана кош бойлуу аялдардын жанында тамеки тартууга болбойт.
Пассивдүү тамеки тартуу менен бирөө чыгарган түтүн менен дем алуу бир эле нерсеби?
Ооба, жалпысынан, бирөө чыгарган түтүн менен дем алуу ошол эле нерсени билдирет.
Тамекинин түтүнү жок чөйрөнү кантип түзүү керек?
Эгер сиз жашы жеткен адам болсоңуз, бул жерде тамекинин түтүнү жок чөйрөнү түзүү боюнча бин канча кеңештер бар:
• Тамекини толугу менен таштаңыз. Пассивдүү тамеки чегүүдөн арылуунун эң жакшы жолу - тамекини толугу менен таштоо. Бул, албетте, ар бир тамеки чеккен адам үчүн мыкты чечим болуп саналат.
• Үйүңүздү тамеки тарпаган аймак кылыңыз. Жөн эле терезени же эшикти ачуу же үйдүн башка бөлмөсүндө тамеки тартуу жетишсиз. Тамеки тартканыңыздан кийин абада түтүн калышы мүмкүн. Адамдар тамеки чегүүчү жерлерде убакыт өткөрүүнү же эгерде алар тамеки тартса, башкалардын жанында кайда жана качан тамеки тартуу чечимин кабыл алууда коомдук саламаттыкты сактоо органдары берген кеңештерди аткаруу керек.
• Унааңызды түтүнсүз аймак кылыңыз. Үйдө тамеки тарткан сыяктуу эле, унаа дагы бир жабык мейкиндик, анда тамеки чегүүгө болбойт. Унааңыздын айнектерин ылдый түшүрүү анча деле айырмачылык кылбайт, анткени түтүн отургучтарга сиңип, абада калып кетиши мүмкүн. Адамдар тамеки чеккен аймактарда болуу же башкалардын жанында тамеки тартуу чечимин кабыл алууда коомдук саламаттыкты сактоо органдарынын корутундусуна таянышы керек.
• Тамеки тарпаган аймактарга сый көргөзүңүз. Тамеки күйгүзөр алдында айланаңызга жакшылап көз салыңыз, айрыкча саякатта жүргөндө жана жергиликтүү мыйзамдар менен каада-салттарды билбесеңиз.
Ысытылуучу тамекинин буусу тамеки тартпагандар үчүн зыяндуубу?
Ар бир тамеки таркан адамга эң жакшы чечим - тамекини жана никотинди толугу менен таштоо. Тамеки тартууну же башка никотин камтыган продукцияны колдонууну уланта турган жашы жеткен тамеки чеккендер үчүн бүгүнкү күндө базарда көптөгөн түтүнсүз альтернативалар бар, алардын бири ысытылуучу тамеки. Адатта, ысытылган тамеки өнүмдөрү түтүн чыгарбайт, анткени алар тамекини күйгүзбөйт, тескерисинче, буу пайда кылуу үчүн ысытат.
Ушуну эске алып, көптөгөн адамдар ысытылган тамеки пассивдүү тамеки тартууга алып келеби деген суроолорду беришет. Жалпысынан, ысытылган тамеки өнүмдөрү тамекини күйгүзбөйт жана тамеки түтүнүн чыгарбайт, башкача айтканда, алар сигарет түтүнүнө караганда бир кыйла азыраак зыяндуу заттарды камтыйт. Бирок, күйүүнүн жоктугу жана зыяндуу заттардын азайышы ар бир продукт үчүн өзүнчө тастыкталууга тийиш. Бул түтүнсүз өнүмдөр, анын ичинде ысытылган тамеки толугу менен коопсуз дегенди билдирбейт экенин эстен чыгарбоо керек.
Төмөнкү баскычты чыкылдатуу менен IQOS ILUMA тамеки ысытуу системалары жөнүндө көбүрөөк биле аласыз.
Бул макала жалпыга маалымат үчүн жана билим берүү максатында жазылган. Бул макалада камтылган кээ бир маалымат тышкы, үчүнчү тараптын булактарына негизделген, жана биз мындай маалыматтын тактыгына, ишенимдүүлүгүнө же толуктугуна байланыштуу эч кандай билдирүүлөрдү же кепилдиктерди бербейбиз.
Коомдук офертанын алкагында.